# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 80-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы N 481-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 80-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы N 481-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 80-т
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046173>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19853/edition/53118/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046173.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 80-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы N 481-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" тескемеси (17.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046173

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 17-февралы № 80-т

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 124 токтому менен бекитилген Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобонун 13, 14-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык продукцияны өндүрүү үчүн пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде:

1) "Ветеринариялык максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер" деген II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 6-7-пункттар менен толукталсын:

"6. "Алтын-Тамыр" жабык акционердик коому.

7. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору.";

2) "Техникалык максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер" деген III бөлүмдө:

- 60-пунктта "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Балта электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси" филиалы" деген сөздөр "Кара-Балта жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 64-67-пункттар менен толукталсын:

"64. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат.

65. "РИБЕРГ БАУХЕМИ" жоопкерчилиги чектелген коому.

66. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун "Аффинаждык заводу" филиалы.

67. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти.".

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
