# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046168)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-майы № 70 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046168/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046168/edition/53112/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046168/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046168/st-2

---

"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 483-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 8-берененин 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун, гибриддерин чыгаруунун, дары өсүмдүктөрүн (валериана, теңге гүл, шалфей, шафран, ферула, аконит, арнебия, кызгылт родиола, мыя, чычырканак, ит мурун, бөрү карагат, кийик от, ромашка, сары чай чөп, лаванда) өндүрүштүн айыл чарба ыкмасы менен культивациялоонун жана өстүрүүнүн, айыл чарба жаныбарларынын жаңы породаларын, типтерин жана кроссторун чыгаруунун, мал чарбасында маркердик жана геномдук селекцияны жүзөгө ашыруунун селекциялык-генетикалык усулдары.";

2) 9-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) үрөн чарбасын өнүктүрүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн жана дары өсүмдүктөрүн өстүрүү;".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046168/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046168/st-3)
