# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046168)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-майы № 70 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046168/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046168/edition/53112/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046168/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046168/st-1

---

"Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 188-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-статьяда:

а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- дары өсүмдүктөрүн (валериана, теңге гүл, шалфей, шафран, ферула, аконит арнебия, кызгылт родиола, мыя, чычырканак, ит мурун, бөрү карагат, кийик от, ромашка, сары чай чөп, лаванда) өндүрүштүн айыл чарба ыкмасы менен культивациялоо жана өстүрүү боюнча иш жүргүзүүгө;";

б) экинчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

"- турак жай зоналарына жана социалдык объекттерге жанаша жайгашкан аймактарда аконит өстүрбөөгө;";

2) 7-статьяда:

а) биринчи бөлүктө "а", "б", "г", "е" пункттарында" деген сөздөр "а", "б", "г", "е", "з" пункттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) төртүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 8-статьянын аталышында жана биринчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 10-статья төмөнкүдөй мазмундагы "з" пункту менен толукталсын:

"з) жапайы дары өсүмдүктөрүн айыл чарба өндүрүшүнүн шарттарында культивациялоо жана өстүрүү үчүн пайдалануу.";

5) 11-статьянын бешинчи бөлүгүндө, 12-статьянын төртүнчү бөлүгүндө, 13-статьянын экинчи бөлүгүндө, 15-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 20-статьянын төртүнчү бөлүгүндө, 21-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 23-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 24-статьянын экинчи бөлүгүндө, 25-статьянын экинчи бөлүгүндө, 26-статьянын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 27-статьянын экинчи бөлүгүндө, 28-статьянын бешинчи бөлүгүндө, 29-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 30-статьянын экинчи бөлүгүндө түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046168/st-2)
