# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 81-т "Жер тилкени турак эмес жайы менен мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 81-т "Жер тилкени турак эмес жайы менен мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 81-т
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19851/edition/53108/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 81-т "Жер тилкени турак эмес жайы менен мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына киргизүү тууралуу) тескемеси (17.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046167

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 17-февралы № 81-т

Мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, бюджеттик каражаттарды толтуруу максатында, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Бишкек ш., Чыңгыз Айтматов пр., 101 дарегинде жайгашкан, аянты 0,996 га, идентификациялык коду 1-01-11-0059-0448 болгон жер тилкесин турак эмес жайы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 687 "2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына белгиленген тартипте киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси турак эмес жайы менен 2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына киргизилгенден кийин белгиленген тартипте:

1) рыноктук наркын баалоо жол-жобосун жүргүзсүн;

2) мамлекеттик мүлктү сатуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
