Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу тууралуу» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 17-февралы № 66
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 247 "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктунун 2-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2026-жылдын 1-мартынан тартып төмөнкүлөрдү көбөйтсүн:
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринде иштеген кызматкерлерин жана дипломатиялык кызматтын кызматчыларын акчалай камсыздоонун өлчөмдөрүн;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрүнүн соода өкүлдөрүн жана кызматкерлерин акчалай камсыздоонун өлчөмдөрүн;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин чет мамлекеттердеги өкүлдөрүнүн акчалай үлүшүнүн өлчөмдөрүн;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн кызматчыларын акчалай камсыздоонун өлчөмдөрүн;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматындагы өкүлчүлүгүнүн кызматчыларынын жана кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.