# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-майындагы № 366-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 712-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-майындагы № 366-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 712-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 366-т
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046159>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55204/edition/53096/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-майындагы № 366-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 712-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) тескемеси (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046159

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 21-майы № 366-т

Ирригациялык системалардын туруктуу жана натыйжалуу иштешин камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 712-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:

«3) муниципалдык менчикте турган гидротехникалык курулмалары бар биринчи жана экинчи тартиптеги ички чарбалык ирригациялык каналдар.».

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 10-1/317 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында суу чарба курулмаларына системалык каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ушул тескеменин 1-пунктуна ылайык тиешелүү өзгөртүү киргизсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
