# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 20-майындагы № 381 (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларына батирлерди сатып алуу үчүн квоталарды бөлүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 20-майындагы № 381 (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларына батирлерди сатып алуу үчүн квоталарды бөлүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 381
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19845/edition/53075/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 20-майындагы № 381 (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларына батирлерди сатып алуу үчүн квоталарды бөлүү жөнүндө) тескемеси (20.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046140

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 20-майы № 381

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларын турак жай менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 «Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибинин 4-пунктунун 2-пунктчасына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Турак жайга муктаж болгон Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларына «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун линиясы боюнча курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөн 620 батир бөлүнүп берилсин, анын ичинде:

1) Сокулук айылында – 70 батир;

2) Кара-Балта шаарында – 65 батир;

3) Токмок шаарында – 50 батир;

4) Нарын шаарында – 5 батир;

5) Балыкчы шаарында – 20 батир;

6) Чолпон-Ата шаарында – 15 батир;

7) Каракол шаарында – 20 батир;

8) Талас шаарында – 5 батир;

9) Баткен шаарында – 95 батир;

10) Ош облусунда – 245 батир;

11) Жалал-Абад облусунда – 30 батир.

2. Аскер кызматчыларына ипотекалык кредит берүү Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында жылдык 4 пайыз пайыздык ставка боюнча 25 жылга чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому менен макулдашуу боюнча ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
