# Ала-Буга айылдык кеңешинин 2026-жылдын 26-мартындагы "Республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилери жөнүндө" №2 токтому

- Толук аталышы: Ала-Буга айылдык кеңешинин 2026-жылдын 26-мартындагы "Республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилери жөнүндө" №2 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55188/edition/53070/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ала-Буга айылдык кеңешинин 2026-жылдын 26-мартындагы "Республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилери жөнүндө" №2 токтому (26.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046132

---

АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VIII ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ II СЕССИЯСЫ

2026-жылдын 26-марты №2

Республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы №701 токтомун жана “Тарыхый-маданий мурастарды пайдалануу жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 14-беренесин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Ала-Буга айыл аймагындагы республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилеринин документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү боюнча, Ала-Буга айылдык кеңеши сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2018-жыл 30-июль №15/2 токтому, Кош-Дѳбѳ айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жыл 24-февраль №20/12 токтому, Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жыл 3-февраль №3/17 токтому жокко чыгарылсын.

2. Ала-Буга айыл аймагындагы республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилери болуп саналган:

Мынакелди шаар калдыгы Шырдакбектин коргону

Чолок-Коргон чеби, мурда кабыл алынган токтомдор жокко чыгарылып айыл аймактын балансынан чыгарылсын.

3. Жогоруда көрсөтүлгөн тарыхый-маданий мурас объектилери мамлекеттик менчикке өткөрүлүп, Ак-Талаа райондук маданият бөлүмүнүн эсебине берилсин.

4. Бул объектилер боюнча тиешелүү документтерди мыйзам талаптарына ылайык келтирүү иштери Ала-Буга айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Бактыбай уулу Кубанычбек
