# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-апрели № 253-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026–2027-жылдарга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-апрели № 253-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026–2027-жылдарга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 253-т
- Кабыл алынган күнү: 15.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19844/edition/53062/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-апрели № 253-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026–2027-жылдарга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө) (15.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046129

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

2026-жылдын 15-апрели № 253-т

Социалдык маанилүү товарларга баалардын өсүшүн кармап туруу, ички рынокту турукташтырууну жана толуктоону камсыздоо боюнча комплекстүү чараларды жүргүзүү, ошондой эле 2026–2027-жылдары ата мекендик өндүрүшкө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, «Баа түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026–2027-жылдарга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Планды ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

1) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине ушул тескеме менен бекитилген иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө маалыматты берип турсун;

2) ушул тескеме менен бекитилген иш-чараларды толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берип турсун.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-февралындагы № 72-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
