# Ысык-Ата айылдык кеңешинин Ысык-Ата районунун 2025-жылдын 22-декабрындагы № 70/ХIV-29 "Кыргыз Республиаксынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомунун негизинде, Ысык-Ата айыл аймагындагы Норус айылында жайгашкан суу сактагычты жана арыктарды, Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ысык-Ата айылдык кеңешинин Ысык-Ата районунун 2025-жылдын 22-декабрындагы № 70/ХIV-29 "Кыргыз Республиаксынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомунун негизинде, Ысык-Ата айыл аймагындагы Норус айылында жайгашкан суу сактагычты жана арыктарды, Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 70/ХIV-29
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55172/edition/53051/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ысык-Ата айылдык кеңешинин Ысык-Ата районунун 2025-жылдын 22-декабрындагы № 70/ХIV-29 "Кыргыз Республиаксынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомунун негизинде, Ысык-Ата айыл аймагындагы Норус айылында жайгашкан суу сактагычты жана арыктарды, Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (22.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046117

---

ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 22-декабры № 70/ХIV-29

“Кыргыз Республиаксынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомунун негизинде, Ысык-Ата айыл аймагындагы Норус айылында жайгашкан суу сактагычты жана арыктарды, Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 "Суу чарба объекттерин мамлекеттик менчикке өткөрүү тартиби жөнүндө" токтомунун негизинде жана суу чарба инфраструктурасын натыйжалуу пайдалануу максатында, Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 22-декабрындагы №03-13/2785 “Кыргыз Республиаксынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомунун негизинде, Ысык-Ата айыл аймагындагы Норус айылында жайгашкан суу сактагычты жана арыктарды, Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө” катын Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Ысык-Ата айыл аймагындагы Норус айылында жайгашкан суу сактагычты жана ага тиешелүү арыктарды, Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Өткөрүп берүү процесси тиешелүү мыйзам талаптарына ылайык, инвентаризациялоо жана акт түзүү жолу менен жүргүзүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айылдык Кенешинин жер жана агрардык иштер боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.

Төрага

Н.Ибраимов
