# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-мартындагы № 142-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 356-т тескемеси менен жактырылган, 2025-жылдын 4-июнунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Элдин Биримдиги" коомдук фондунун ортосундагы Мүлктүк комплексти сатуу жөнүндө инвестициялык макулдашууга ?01 кошумча макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-мартындагы № 142-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 356-т тескемеси менен жактырылган, 2025-жылдын 4-июнунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Элдин Биримдиги" коомдук фондунун ортосундагы Мүлктүк комплексти сатуу жөнүндө инвестициялык макулдашууга ?01 кошумча макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 142-т
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19843/edition/53043/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-мартындагы № 142-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 356-т тескемеси менен жактырылган, 2025-жылдын 4-июнунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Элдин Биримдиги" коомдук фондунун ортосундагы Мүлктүк комплексти сатуу жөнүндө инвестициялык макулдашууга ?01 кошумча макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси (06.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046107

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

2026-жылдын 6-марты № 142-т

"Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 356-т тескемеси менен жактырылган, 2025-жылдын 4-июнунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Элдин Биримдиги" коомдук фондунун ортосундагы Мүлктүк комплексти сатуу жөнүндө инвестициялык макулдашууга №  01 кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басарына жогоруда аталган №  01 кошумча макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
