# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 299-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Чоктал Резорт" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык деңгээлдеги "Choktal Resort" көп функциялуу туристтик-рекреациялык курортун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тууралуу инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 299-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Чоктал Резорт" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык деңгээлдеги "Choktal Resort" көп функциялуу туристтик-рекреациялык курортун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тууралуу инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 299-т
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046097>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19842/edition/53030/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046097.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 299-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Чоктал Резорт" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык деңгээлдеги "Choktal Resort" көп функциялуу туристтик-рекреациялык курортун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тууралуу инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси (28.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046097

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

2026-жылдын 28-апрели № 299-т

Улуттук экономикага түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, Ысык-Көл облусунун туристтик чөйрөсүн туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Чоктал Резорт" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык деңгээлдеги "Choktal Resort" көп функциялуу туристтик-рекреациялык курортун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тууралуу инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
