# Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 16-майы № 66 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 16-майы № 66 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Конституционный Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046092>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046092/edition/53025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046092.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 16-майы № 66 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы (16.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046092

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2026-жылдын 16-майы № 66

"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 29-июну, № 75) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берененин 1-бөлүгүндө "комиссиянын он эки мүчөсүнөн" деген сөздөр "комиссиянын сегиз мүчөсүнөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 5-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы алтыдан кем эмес мүчөдөн түзүлсө, ал ишке киришүүгө укук ченемдүү.";

3) 6-беренеде:

а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Борбордук шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышы, эгерде анда алтыдан кем эмес мүчөсү катышса, укук ченемдүү болуп саналат жана жыйналышты комиссиянын жаш курагы боюнча улуу мүчөсү алып барат.";

б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген жалпы санынын добуштарынын жарымынан көбүн алган талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп шайланды деп эсептелет.";

4) 7-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышы (мындан ары - жыйналыш) төрага тарабынан, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын үчтөн кем эмес мүчөсүнүн демилгеси боюнча чакырылат.";

б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Эгерде жыйналышка Борбордук шайлоо комиссиясынын белгиленген курамынын алтыдан кем эмес мүчөсү катышса, ал укук ченемдүү болуп саналат. Жыйналыш протоколдоштурулат.";

5) 8-беренеде:

а) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

6) 3-бөлүктө "башка маселелер боюнча" деген сөздөр алып салынсын.

2-берене. Ушул конституциялык Мыйзам 2026-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2026-жылдын 22-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
