Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 18-майы № 175
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 169 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү жана сыноо мөөнөтүн өтүү маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында сыноо мөөнөтүн өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»;
2) преамбулада «11, 16-беренелерине» деген сөздөр «11-беренесине» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 1-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоонун натыйжалары жөнүндө отчетторду жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-сентябрынан кечиктирбестен, экинчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 15-мартынан кечиктирбестен берип турсун;
2) мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды «е-Kyzmat» автоматташтырылган маалыматтык системасынын «Ишти баалоо» модулуна өз убагында киргизүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте жогоруда көрсөтүлгөн «Ишти баалоо» модулунун иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылсын;
2) көрсөтүлгөн «Ишти баалоо» модулуна маалыматтарды туура киргизүүнү, аларды өз убагында жаңыртууну жана мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн аналитикалык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн контролдоону жүзөгө ашырсын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-майындагы № 37 (3797) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 169 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында сыноо мөөнөтүн өтүүнүн тартиби жөнүндө…Указ · 31.05.2022 · № 169
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин…Положение · 18.05.2026 · № 175
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин…Положение · 31.05.2022 · № 169 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 169 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында сыноо мөөнөтүн өтүүнүн тартиби жөнүндө…Указ · 31.05.2022 · № 169
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.