# Гулистан айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги №13-3 Гулистан айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 40 “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө” Жарлыгын турмушка ашыруу боюнча түзүлгөн иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө токтом

- Толук аталышы: Гулистан айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги №13-3 Гулистан айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 40 “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө” Жарлыгын турмушка ашыруу боюнча түзүлгөн иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө токтом
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13-3
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046048>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55134/edition/52981/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Гулистан айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги №13-3 Гулистан айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 40 “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө” Жарлыгын турмушка ашыруу боюнча түзүлгөн иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө токтом (23.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046048

---

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Гулистан айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылыш) депутаттарынын токтому

2026-жылдын 23-апрели №13-3 Гулистан айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 40 “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө” Жарлыгын турмушка ашыруу боюнча түзүлгөн иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө Гулистан айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 40 “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө” Жарлыгын турмушка ашыруу боюнча түзүлгөн иш-чаралар планын бекитип берүү боюнча Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын 2026-жылдын 21-апрелиндеги чыгыш № 01-2/548 сандуу катын карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 беренесине таянып, токтом кылат:

1. Гулистан айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 40 “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө” Жарлыгын турмушка ашыруу боюнча түзүлгөн иш чаралар планын бекитилишине макулдук берилсин.

2. Ушул планда көрсөтүлгөн иш-чаралардын өз убагында аткарылышы Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Ушул токтом Гулистан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.

4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Төрага

У.Мирзакулов
