# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-майы № 343 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 194 «Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-майы № 343 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 194 «Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 343
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046034>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55122/edition/52966/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046034.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-майы № 343 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 194 «Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (14.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046034

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 14-майы № 343

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 194 «Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 194 «Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жободо:

– 10-пункттун 15-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«15) эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча вакциналарды жана реагенттерди сатып алууга;».

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-майындагы № 37 (3797) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
