Ак-Татыр айылдык кенешинин «Баткен токой чарбасынын жайытына чыгуу үчүн мал башына төлөнүүчү тарифти бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XII сессиясы
2026-жылдын 9-апрели № 72
Баткен токой чарбасынын жайытына чыгуу үчүн мал башына төлөнүүчү тарифти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги токой чарба кызматынын Баткен токой чарбасынын 2025-жылдын 8-апрелиндеги №01-06/50 сандуу катын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192 “Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартиби жөнүндө” токтомунун “Чөп чабуу жана мал жаюу“ 40-41-пункттарын негиз кылып. Ак-Татыр айыл аймагынын ЖПБнин жайыт комитети иштеп чыккан бааларга ылайык, карап жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кекешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы Токтом кылат
1. Баткен токой чарбасынын жайытына чыгуу үчүн мал башына төлөнүүчү тарифи таблицада көрсөтүлүп бекитилди.
1
Ийри муйуздуу малдар учун (КРС)
1 айга 30 сом
30*5=150 сом
2
Музоолору учун
1 айга 20 сом
20*5=100 сом
3
Майда малдар учун (МРС)
1 айга 8 сом
8*5=40 сом
4
Козу-улактар учун
1 айга 8 сом
8*5=40 сом
5
Жылкылар учун
1 айга 40 сом
40*5=200 сом
6
Кулундар учун
1 айга 20 сом
20*5=100 сом
7
Топоздор учун
1 айга 30 сом
30*5=150 сом
8
Мамалактары учун
1 айга 30 сом
30*5=150 сом
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага:
Т.Исманов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.