# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-майындагы № 172 (Кыргыз Республикасынын сот системасынын ишин өркүндөтүү) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-майындагы № 172 (Кыргыз Республикасынын сот системасынын ишин өркүндөтүү) тескемеси
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 172
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046019>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55108/edition/52952/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046019.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-майындагы № 172 (Кыргыз Республикасынын сот системасынын ишин өркүндөтүү) тескемеси (14.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046019

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 14-майы № 172 Кыргыз Республикасынын сот системасынын ишин өркүндөтүү, сот өндүрүшүн андан ары санариптештирүү жана маалыматтык системаларды өнүктүрүү жана коштоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 247 «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын 2-пунктунун 2-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчылар категориясына кирген кызматкерлеринин штаттык санын 15 (он беш) штаттык бирдикке көбөйтүү сунушталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
