Кыргыз Республикасынын Президентинин (Кыргыз Республикасынын сот системасынын ишин өркүндөтүү) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 14-майы № 172 Кыргыз Республикасынын сот системасынын ишин өркүндөтүү, сот өндүрүшүн андан ары санариптештирүү жана маалыматтык системаларды өнүктүрүү жана коштоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 247 «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын 2-пунктунун 2-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчылар категориясына кирген кызматкерлеринин штаттык санын 15 (он беш) штаттык бирдикке көбөйтүү сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.