Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жалал-Абад шаардык кеңешинин «Жалал-Абад шаарынын экономкалык-пландоо зоналарынын Кз зоналык коэффициентти бекитүү жѳнүндѳ» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 2 "Жалал-Абад шаарында нарктык зоналардын чектери, ошондой эле имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн Кз зоналык коэффициентти бекитүү жѳнүндѳ" токтому» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-09-28.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 2 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ IX чакырылыш кезексиз X сессиясы
2021-жылдын 15-ноябры № 1
Жалал-Абад шаарынын экономкалык-пландоо зоналарынын Кз зоналык коэффициентти бекитүү жѳнүндѳ Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын 21.10.2021-жылдагы чыг.№048/21/08-07-01/7092-каты жана катка тиркелген иш-кагаздарын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын 12-ноябрь 2021-жылдагы жыйынында каралып, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна таянып, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз X сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 04.12.2018-жылдагы XIII сессиясынын №1 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын айыл чарбасынын багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын зоналык коэффициенттин (Кз) шаардын экономикалык-пландоо зоналары боюнча төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
· Биринчи зонага -1,2
· Экинчи зонага -1,2
3. Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын башчысына 2022-жылдын 1-январынан тартып салык жыйноодо ушул токтомду колдоого алып, иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Н.Орозбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2018-жылдын 4-декабрындагы № 1 "Жалал-Абад шаарынын экономикалык-пландоо зоналарынын Кz зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2018 · № 1 · Күчүн жоготкон