# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө", "Тынчтык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230045950)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-майы № 63 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө", "Тынчтык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045950/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230045950/edition/52882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045950/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө", "Тынчтык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045950/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 456-берененин биринчи абзацында "83, 831-беренелери" деген сөздөр "82-831-беренелери" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 492-берененин биринчи абзацында "107" деген цифралар "82, 107" деген цифраларга алмаштырылсын;

3) 511-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Бул маалыматтар кагаз түрүндө же электрондук формада түзүлгөн укук бузуу жөнүндө протокол, ошондой эле кагаз түрүндөгү же электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук формадагы токтом, актылар, укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адамдын, жабыр тартуучунун, күбөлөрдүн түшүндүрмөлөрү, адистин түшүндүрмөлөрү, экспертизанын корутундусу, башка документтер, буюм далилдери менен аныкталат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045950/st-2)
