# Нарын шаардык Кеңешинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин жаңы заманбап казармасын куруу үчүн тер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө" №3 токтому

- Толук аталышы: Нарын шаардык Кеңешинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин жаңы заманбап казармасын куруу үчүн тер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө" №3 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045940>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55067/edition/52866/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарын шаардык Кеңешинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин жаңы заманбап казармасын куруу үчүн тер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө" №3 токтому (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045940

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ

2026-жылдын 29-апрели №3

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин жаңы заманбап казармасын куруу үчүн тер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине жетекчиликке алып, ички аскерлердин Нарын облусунда казармалык-турак жай фонду жок болгондуктан, жаңы заманбап казарма куруу үчүн Нарын шаарынын батыш аймагындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-декабрындагы №805 токтомунун негизинде Нарын шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген (Ага-хан тарабынан өткөрүлгөн) жер тилкелердин ичинен ички иштер министрлигинин ички аскерлердин жаңы заманбап казармасын куруу үчүн 3,0 (үч) га жер тилкесин бөлүп берүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин ”Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, корутундусунун негизининде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

Нарын шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген (Ага-хан тарабынан өткөрүлгөн) жер тилкелердин ичинен Ички иштер министрлигинин ички аскерлердин жаңы заманбап казармасын куруу үчүн 3,0 (үч) га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин. Жер тилкесин өткөрүп берүүдөгү иш кагаздарынын мыйзамдуу бүткөрүү, белгиленген тартипте жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын Заманбап казарма куруу боюнча иш алып баруу жагы 1(бир) жыл ичинде жүргүзүлбөсө ушул токтом күчүн жоготту деп таанылсын. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Ж. Эсеналиев
