Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасын бекитүү жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 14-майы № 334-т
Миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо боюнча натыйжалуу ишти камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын IX бөлүмүнүн 9.1-пунктуна, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 39-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Иш-чаралар планын жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык;
4) 2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасынын бюджети 4-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө так аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
2) Иш-чаралар планын ишке ашырууну тиешелүү жылга бекитилген бюджеттердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын алкагында жүргүзсүн;
3) жыл сайын жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
1) Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча иштерди жалпы координациялоону жүргүзсүн;
2) Иш-чаралар планын аткаруу жөнүндө маалыматты жыл сайын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялап турсун;
3) жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- 2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасынын бюджети (Тиркеме 4 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-майындагы № 334-т…Приложение · 14.05.2026 · № 334-т
- 2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун…Матрица · 14.05.2026 · № 334-т
- 2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (Тиркеме 2 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…План · 14.05.2026 · № 334-т
- 2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасы 2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасы (Тиркеме 1 Кыргыз…Программа · 14.05.2026 · № 334-т
Шилтеме берет (3)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 "2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.06.2025 · № 178