# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 353-т
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045920>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19837/edition/52846/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045920.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045920

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 19-майы № 353-т

Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү үчүн пайдалануучу субъекттерди этил спирти менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык продукцияны өндүрүү үчүн пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде:

– III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 68–72-пункттар менен толукталсын:

«68. «Ош шаарынын жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасы.

69. «АВТОМАШ-РАДИАТОР» жоопкерчилиги чектелген коому.

70. «Умай Групп» жоопкерчилиги чектелген коому.

71. «STB» LTD («Эс Ти Би» ЛТД) жоопкерчилиги чектелген коому.

72. «Альянс Алтын» жоопкерчилиги чектелген коому.»;

– IV бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:

«10. «Деташ ЛТД» («Detas Ltd») жоопкерчилиги чектелген коому.».

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
