Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Интернат тибиндеги балдар мекемелерине, улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерге шефтик колдоо көрсөтүү) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 20-майы № 361-т
Интернат тибиндеги балдар мекемелерине, улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерге социалдык колдоо көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору кураторлукту (шефке алууну) жүзөгө ашыруу үчүн интернат тибиндеги балдар мекемелерине, улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерге тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору кураторлук кылган интернат тибиндеги балдар мекемелерине, улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерге ар тараптуу демөөрчүлүк колдоо көрсөтүү боюнча борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүү үчүн бюджеттик же Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы акча каражаттарын жыл сайын карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 1165-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кураторлукту (шефке алууну) жүзөгө ашыруу үчүн интернат тибиндеги балдар мекемелерине, улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык…Приложение · 20.05.2026 · № 361-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 1165-т (Интернат тибиндеги балдар мекемелерине, улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү…Распоряжение · 29.12.2025 · № 1165-т · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 1165-т (Интернат тибиндеги балдар мекемелерине, улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү…Распоряжение · 29.12.2025 · № 1165-т · Күчүн жоготкон