“Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жѳнʏндѳгʏ” Жобону бекитʏʏ жѳнʏндѳ токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
3-февраль 2026-жыл №29-16/4
Токтом
“Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жѳнʏндѳгʏ” Жобону бекитʏʏ жѳнʏндѳ Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.Э.Исаковдун, 2025-жылдын 21-ноябрындагы, чыг:№01-17-5434, катын карап жана талкуулап, “муниципалдык менчик жѳнʏндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Каракол шаардык Кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XVI сессиясы, токтом кылат:
“Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жѳнʏндѳгʏ” Жобосу бекитилсин.(тиркеме №1) Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин. Токтом ММКларда жарыялансын. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Таштанбек уулу С.
БЕКИТИЛДИ Каракол шаарынын Кеңешинин 2026-жылдын 3 февралынын №29-16/4 токтому менен №1 тиркемеси
Жобо
Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө
1-Глава. Жалпы жоболор
5. Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө ушул Жобо (мындан ары- Жобо) "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19- беренесине ылайык иштелип чыккан.
6. Бул жобо муниципалдык менчикте турган мүлктүн бардык түрлөрүнө, ошондой эле муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда жана муниципалдык мекемелерге–оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген же башка юридикалык жана жеке жактардын пайдалануусуна берилген муниципалдык мүлккө жайылтылат. Наркы 100 эсептик көрсөткүчтөн аз болгон муниципалдык ишканаларга бекитилип берилген муниципалдык мүлк иш каналардын бухгалтердик эсепке алуу эрежелерине ылайык өз алдынча эсептен чыгарылууга тийиш.
7. Бул Жобонун күчү пайдалуу казындыларга, автордук укуктарга, лицензияларга, патенттерге, франшизаларга, соода маркаларына, гудвилдерге, программалык камсыздоолорго карата жайылтылбайт.
8. Бул Жободо мүлктү эсептен чыгаруу деп керектөө касиеттерин, анын ичинде физикалык же моралдык эскирүүсүн толук же жарым-жартылай жоготуунун натыйжасында мүлктү максаттуу багыты боюнча андан ары пайдаланууга жана (же) тескөөгө жараксыз деп таанууга, же болбосо кыйроонун же жок кылуунун натыйжасында ээликтен, пайдалануудан жана тескөөдөн чыгып кетүүгө, ошондой эле анын жайгашкан жерин аныктоого мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу мүлктү андан ары пайдаланууга жараксыз деп таанууга байланышкан иш- аракеттердин комплекси түшүндүрүлөт.
9. Ушул Жобого ылайык төмөнкү мүлк эсептен чыгарылууга тийиш:
1) пайдалуу кызматынын мөөнөтү бүткөн мүлк, ошондой эле пайдалуу касиеттерин толук же жарым-жартылай жоготуунун, анын ичинде физикалык же моралдык эскирүүнүн кесепетинен андан ары максаттуу багыты боюнча пайдаланууга жараксыз мүлк;
2) калыбына келтирүү мүмкүн болбогон же экономикалык жактан максатка ылайыксыз мүлк;
3) жок болуунун же жок кылуунун кесепетинен, анын ичинде менчик ээсинин эркинен тышкары, ошондой эле анын турган жерин аныктоо мүмкүн эместигинен улам ээликтен, пайдалануудан жана тескөөдөн чыгып кеткен мүлк;
4) бузулаэлек объекттерди кошкондо эски же авариялык кыймылсыз мүлк курулуштары.
10. Муниципалдык мүлктү калыбына келтирүү мүмкүн болбогон же экономикалык жактан максатка ылайыксыз учурларда, ошондой эле ал белгиленген тартипте жеке же юридикалык жактарга сатылышы мүмкүн болбогон учурларда гана эсептен чыгарылууга тийиш.
11. Техникалык жактан оң жана андан ары пайдаланууга жарактуу мүлктүн наркынын 100 пайыз өлчөмүндө чегерилген амортизация толук амортизациянын себеби боюнча аны эсептен чыгарууга негиз болоалбайт. Мындай мүлктүн иштөө мөөнөтү техникалык уюмдардын жетиешелүү билими бар адистин маалымкатынын негизинде белгиленет. Мындай мүлктүн баланстык наркы адилет нарк боюнча белгиленет, андан аркы амортизация линиялык ыкма боюнча жүргүзүлөт.
12. Камак салынган, мыйзамда белгиленген тартипте өндүрүп алынган мүлк, ошондой эле күрөөгө коюлган мүлк эсептен чыгарылбайт.
13. Инвентаризациянын натыйжасында кызматөтөөнүн ченемдик мөөнөтүнөн өтпөгөн кемчыгуу катары табылган мүлктү эсептен чыгаруу, ошондой эле ал бузулган учурда, аракеттери мүлктүн жараксыздыгына алып келген (форс-мажордук жагдайлардан тышкары) адамдардын эсебинен ошол мүлктүн рыноктук наркы тындырылгандан кийин жүзөгө ашырылат. Мында мүлктү калыбына келтирүү мүмкүн болбогон же экономикалык жактан максатка ылайыксыз учурларда гана эсептен чыгарылууга тийиш.
14. Эсептен чыгаруу жол-жобосу менен байланышкан бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2- Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу. Тартиби.
15. Мүлктүн андан ары пайдаланууга жараксыздыгын, аны калыбына келтирүүнүн мүмкүн эместигин же натыйжасыздыгын аныктоо, ошондой эле эсептен чыгарууга документтерди тариздөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын:
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын орун басары (Комиссиянын төрагасы);
- Муниципалдык мүлктү эсепке алуу үчүн жооптуу адистер;
- Эгерде тейлөө жүргүзүлсө, жабдууларды сервистик тейлөөнү жүзөгө ашыруучуу юмдун тиешелүү техникалык адисинен же болбосо техникалык адисинен;
- Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын;
- Бул мүлктүн сакталышы үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн адам.
Комиссиянын курамы 5адамдан кем болбоого тийиш, мында саны так эмес болууга тийиш.
16. Комиссияны төрага жетектейт, ал Комиссиянын ишине жалпы жетекчилик кылат, талаш маселелерди талкуулоодо коллегиялуулукту камсыз кылат, милдеттерди бөлүштүрөт жана Комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырмаларды берет. Комиссия жыйындарды зарылдыгына жараша өткөрөт. Комиссия тарабынан ага берилген документтерди кароо мөөнөтү 30 күндөн ашпоого тийиш. Комиссиянын жыйналышы комиссиянын курамынын бардык мүчөлөрү катышканда укук ченемдүү болот.
17. Комиссия төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
1) эсептен чыгарылууга тийиш болгон мүлктү зарыл техникалык документтерди, ошондой эле бухгалтердик эсептин маалыматтарын пайдалануу менен карап чыгууну жүргүзөт;
2) мүлктү андан ары пайдалануунун максатка ылайыктуулугу (жарактуулугу), аны калыбына келтирүүнүн мүмкүндүгү жана натыйжалуулугу, мүлктөн айрым түйүндөрдү, тетиктерди, конструкцияларды жана материалдарды пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө маселе боюнча чечим кабыл алат;
3) Эгерде эсептен чыгаруунун объекти атайын аппаратура же жабдуу болуп саналса, мүлктүн жараксыздыгы жөнүндө корутунду берүү үчүн тиешелүү уюмдардын адистерин милдеттүү түрдө тартат;
4) Мүлктү эсептен чыгаруунун себептерин белгилейт, анын ичиндекеректөө касиеттерин толук же жарым-жартылай жоготуу, анын ичинде физикалык же моралдык эскирүүнүн натыйжасында; авариянын, табигый кырсыктын жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен бузулуу; калыбына келтирүү мүмкүн болбогон же калыбына келтирүү экономикалык жактан максатка ылайыксыз; жок болуунун же жок кылуунун натыйжасында, анын ичинде менчик ээсининэркинен тышкары, ошондой эле анын турган жерин аныктоо мүмкүн эместигинин натыйжасында ээликтен, пайдалануудан жана тескөөдөн чыгып кеткендер, кыймылсыз мүлктүн эскириши же кыйрашы жана мүлктү эсептен чыгаруу зарылчылыгына алып келген башка себептер;
5) ушулЖобонун тиркемесине ылайык мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндө акт түзөт.
18. Мүлктүн андан ары пайдаланууга жараксыздыгын, аны калыбына келтирүү (оңдоо, реконструкциялоо, модернизациялоо) мүмкүн эместигин же максатка ылайыксыз экендигин комиссия өз алдынча аныктайалбаган учурда ЖОБО муниципалдык уюмдардын адистештирилген тармактык техникалык кызматтарын же экспертиза жүргүзүүгө укугу бар адистештирилген уюмдарды же тиешелүү тармакта атайын билими бар адисти (мындан ары – техникалык эксперт) тартат.
19. Мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу максатында изилденүүчү материалдык баалуулуктар үчүн түздөн-түз материалдык жоопкерчилик менен байланышкан милдеттер жүктөлгөн адам техникалык эксперт боло албайт. Техникалык эксперттин, ошондой эле эсептен чыгарылган мүлктү же анын тетиктерин демонтаждоону, жоюуну, утилдештирүүнү жүзөгө ашыруучу уюмдардын кызматтарын тандоо мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
20. Эсептен чыгаруу актысында мүлк жөнүндө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт::
- катарномери;
- объекттинаталышы;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан ыйгарылган мүлктүн инвентардык номери (ИНИ);
- объект пайдаланууга берилген жыл (чыгарылган жыл);
- мүлктүн баштапкы наркы(кайра баалангандар үчүн-калыбына келтирүү);
- эсептен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурдагы объекттин калдык наркы;
- ошол объект үчүн белгиленген пайдалуу пайдалануу мөөнөтү жана эсептен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурга карата иш жүзүндө пайдалануу мөөнөтү;
- чегерилгенамортизация;
- жүргүзүлгөн капиталдык оңдоолордун саны жана чыгымдардын суммасы;
- мүлктү эсептен чыгаруунун себеби, алардын негизги бөлүктөрүнүн, тетиктеринин, түйүндөрүнүн, конструкциялык элементтеринин абалы;
- ар кандай позициялардан (экиден кем эмес позициялардан) эсептен чыгарылууга тийиш болгон объекттердин фотосүрөтү.
21. Мүлктүн төмөнкү түрлөрүн эсептен чыгарууда ушул Жобонун16-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча актыга төмөнкү документтер тиркелет::
1) транспорткаражатынэсептенчыгаруудатранспорткаражатынкаттоожөнүндөкүбөлүк;
2) транспорт каражатын, авариялык абалдагы, эски кыймылсыз мүлктү, техниканы жана жабдууларды эсептен чыгарууда Кыргыз Республикасынын аймагында тиешелүү ишти жүзөгө ашыруу боюнча анын ыйгарым укуктарын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен техникалык эксперттин корутундусу.
22. Мүлктү эсептен чыгарууда агрегаттардын, тетиктердин, түйүндөрдүн техникалык мүнөздөмөсү жана демонтаждоодон алынышы мүмкүн болгон негизги тетиктерди жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилет. Андан ары колдонууга жарактуу тетиктер, тетиктержана агрегаттар нөлдүк наркы боюнча тиешелүү эсептер боюнча кириштелүүгө же ишке ашырылууга тийиш.
Демонтаждалган мүлктүн пайдаланууга жараксыз түйүндөрү, агрегаттары жана тетиктери экинчи чийки зат (макулатура, металл сыныктары, отун, айнек, пластмасса ж.б.) катары сатылууга же керектөө калдыктары катары утилдештирилүүгө тийиш.
23. Жараксыз абалга келген же авариялардын, өрттүн, табигый кырсыктардын натыйжасында жоголгон мүлктү эсептен чыгарууда Комиссия көрсөтүлгөн жагдайларды ырастаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн кошумча берет.
Эски жана авариялык кыймылсыз мүлктү, анын ичинде муниципалдык турак жай фондуна кирген мүлктү эсептен чыгаруу жана бузуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13-августундагы токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык жана жашоого жараксыз имараттар жана курулмалар категориясына киргизилгенден кийин 2009-жылдын 518-августундагы эски, авариялык имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө Жободо белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
24. Мүлктү атайылап жок кылуунун, бузуунун, уурдоонун натыйжасында жараксыз абалга келген жана (же) иш жүзүндө эксплуатациялоо мөөнөтүпайдалануу мөөнөтүнөн ашпаган мүлктү эсептен чыгаруу үчүн комиссия тарабынан кошумча:
1) Күнөөлүү адамдарды көрсөтүүменен объектти талаптагыдай эмес пайдалануу(сактоо) жөнүндө комиссиянын корутундусу;
2) негизги каражаттардын объектисинин бузулушуна жол берген күнөөлүү адамдарга карата көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат, ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен (күнөөлүү адамдар табылган учурда);
3) жазык ишин козгоо же кыскартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсү (эгер бар болсо), мүлктүн жоголуу фактысын ырастаган башка документтер же уюмдун кызыкчылыктарын коргоо же келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө башка документтер;
4) келтирилген зыяндын наркы жөнүндө маалымкат;
5) күнөөлүү адамдардын зыяндын ордун толтургандыгы жөнүндө маалым кат;
6) пайдалуу пайдалануу мөөнөтү бүткөнгө чейин объекттерди эсептен чыгарууга себеп болгон себептерди толук түшүндүрүү менен маалымкат (күнөөлүү адамдар жок болгон учурда).
25. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча комиссиянын протоколу түзүлөт, ага төмөнкүлөр тиркелет:
- Эсептен чыгарууга сунушталган мүлктү инвентаризациялоо актысы;
- мүлктүэсептенчыгарууактылары;
- башка документтер (авария жөнүндө актынын көчүрмөсү, тиешелүү экспертизалардын жыйынтыктары ж.б.).
26. Комиссиянын протоколу эсептен чыгарылган мүлктү тескөө ыкмасы (жок кылуу, өткөрүп берүү, ажыратуу ж.б.), объекттин айрым түйүндөрүн, деталдарын, материалдарын жана агрегаттарын андан ары пайдалануу жөнүндө чечимди, ошондой эле комиссиянын корутундусу боюнча эсептен чыгаруу максатка ылайыксыз болуп саналган мүлктү андан ары пайдалануу жөнүндө сунушту камтууга тийиш.
27. Комиссия тарабынан мүлктүн кем чыгуусуна, комплекттелишине, бузулушуна тиешеси бар адамдар аныкталганда алардын күнөөсү соттун чечиминин (өкүмүнүн) негизинде гана аныкталат. Зыяндардын өлчөмү жана келтирилген зыяндардын суммасынын ордун толтуруу механизми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
28. Комиссиянын жыйынынын протоколу, ушул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн, 100 эсептик көрсөткүчкө чейинки сатып алуу наркы боюнча мүлктү эсептен чыгаруу боюнча документтерди тиркөө менен (имараттардан, курулмалардан жана транспорт каражаттарынан тышкары) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндө буйрук чыгаруу үчүн берилет.
29. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы мүлктү эсептен чыгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл ала алат, эгерде:
- Мүлк ушул Жобонун 4-пунктунда аныкталган талаптарга жооп бербесе;
- эксперттик корутундуда эсептен чыгарууга сунушталган мүлктү пайдалануунун башка жолдору аныкталган;
- ушул Жободо каралган документтер Комиссия тарабынан белгиленген талаптарды бузуу менен берилсе;
- мүлктү эсептен чыгаруунун максатка ылайык туулугунун экономикалык негиздемесинде эсептен чыгаруунун зарылдыгын тастыктаган экономикалык жана (же) техникалык эсептөөлөр жок болсо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул мүлктү эсептен чыгарууга тиешелүү чектөөлөр белгиленген.
30. Эсептен чыгаруу жөнүндө актыда каралган иш-чаралар(негизги каражаттарды ажыратуу, демонтаждоо, утилдештирүү) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндө буйругу чыккан күндөн тартып эки айдан кечиктирбестен милдеттүү аткарылууга тийиш.
31. Утилдештирилүүгө тийиш болгон мүлк менен иш жүзүндөгү жана юридикалык иш- аракеттер жүзөгө ашырылгандан кийин бул мүлк аткаруу бийлигинин балансынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мүлкүн эсептен чыгаруу фактысы белгиленген тартипте муниципалдык мүлктүн реестринде чагылдырылат.
32. Транспорт каражаты эсептен чыгарылгандан кийин муниципалдык мүлк башкармалыгы тиешелүү каттоо органдарында – салык органында, статистика органында, "УНАА" транспорт каражатынын эсептен чыгарылышын ырастоочу жол-жоболорду кошумча жүргүзүүгө милдеттүү.
33. Мүлктү эсептен чыгаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн толуктугу жана тууралыгы, документтик тариздөө жана финансылык эсептөөлөр үчүн жоопкерчиликти муниципалдык мүлк башкармалыгы жоопту болот.
34. Эсептен чыгарылган мүлктү сатуудан түшкөн акча каражаттары жергиликтүү бюджетке түшөн.
Каракол шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы Э. А. Майрыков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы №0518 "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби…Постановление · 13.08.2009 · № 518
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37