# Орозбеков айылдык кенешинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги №23 "Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясынын 2025-жылдын 10-октябрындагы №67 “Ак-Кыя айылындагы Молдо Нияз акындын музей комплексин муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Орозбеков айылдык кенешинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги №23 "Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясынын 2025-жылдын 10-октябрындагы №67 “Ак-Кыя айылындагы Молдо Нияз акындын музей комплексин муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045854>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55000/edition/52781/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орозбеков айылдык кенешинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги №23 "Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясынын 2025-жылдын 10-октябрындагы №67 “Ак-Кыя айылындагы Молдо Нияз акындын музей комплексин муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (03.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045854

---

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Орозбеков айылдык кеңешинин он бешинчи сессиясы

2026-жылдын 3-апрели № 23 Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясынын 2025-жылдын 10-октябрындагы №67 “Ак-Кыя айылындагы Молдо Нияз акындын музей комплексин муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 8, 10, 11 жана 12-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 18, 34 жана 39-беренелерине ылайык, ошондой эле муниципалдык менчиктеги объекттин баланстык баасы тууралуу норманы тактоо максатында, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Орозбеков айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №67 “Ак-Кыя айылындагы Молдо Нияз акындын музей комплексин муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 1-пункттагы “ коду 8-02-10-10012401 болгон ” деген сөздөрдөн кийин “ баланстык баасы 3 971 981(үч миллион тогуз жүз жетимиш бир миң тогуз жүз сексен бир) сомду түзгөн ” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.

4. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

А.Бактыбаев
