# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрели № 310 "Калкты электр, жылуулук энергиясы жана (же) отун ресурстары менен камсыз кылуучу уюмдарга карата салыктык төлөм талаптарын коюудан бошотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрели № 310 "Калкты электр, жылуулук энергиясы жана (же) отун ресурстары менен камсыз кылуучу уюмдарга карата салыктык төлөм талаптарын коюудан бошотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 310
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045825>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54988/edition/52754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045825.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрели № 310 "Калкты электр, жылуулук энергиясы жана (же) отун ресурстары менен камсыз кылуучу уюмдарга карата салыктык төлөм талаптарын коюудан бошотуу жөнүндө" токтому (30.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045825

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 30-апрели № 310

Калкты электр, жылуулук энергиясы жана (же) отун ресурстары менен камсыз кылуучу уюмдарга карата салыктык төлөм талаптарын коюудан бошотуу жөнүндө

Калкты электр, жылуулук энергиясы жана (же) отун ресурстары менен камсыз кылууга тартылган уюмдардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85-беренесинин 8-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Калкты электр, жылуулук энергиясы жана (же) отун ресурстары менен камсыз кылууга тартылган, алыш-бериш эсептерине салыктык төлөм талаптары коюлбай турган уюмдардын тизмеги ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдардын алыш-бериш эсептерине 2026-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда салыктык төлөм талаптары коюлууга тийиш эмес деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдардын алыш-бериш эсептерине ушул токтомдун 2-пунктунда белгиленген мөөнөттө салыктык төлөм талаптарынын коюлбашын камсыз кылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 1-майындагы № 33 (3793) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Тиркеме

Калкты электр, жылуулук энергиясы жана (же) отун ресурстары менен камсыз кылууга тартылган, алыш-бериш эсептерине салыктык төлөм талаптары коюлбай турган уюмдардын тизмеги

№

Уюмдардын аталышы

ИНН

1

«Электр станциялар» ачык акционердик коому

01810200110062

2

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому

02512200110100

3

«Чакан ГЭС» ачык акционердик коому

00811200010039

4

«Кыргызкөмүр» ачык акционердик коому

00209202510219

5

«Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасы

00808202410151

6

«Ош шаарынын жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасы

00909202410276

7

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы

00808202410330

8

Орловка шаарынын мэриясынын алдындагы «Орловкадагы жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасы

00508202410283

9

«Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы» муниципалдык ишканасы

02609202410202

10

Кант шаарынын мэриясына караштуу «Кант-Жылуулук» муниципалдык ишканасы

01709202410361

11

Нарзан айыл өкмөтүнүн алдындагы «Нарзан жылуулук» муниципалдык ишканасы

00310202410170

12

Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Төрт-Гүл» муниципалдык ишканасы

01209202510496

13

«Сокулук» муниципалдык ишканасы

02709201810076

14

«Таза-Айыл» муниципалдык ишканасы

02207201410335

15

Кожомкул айыл өкмөтүнө караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасы

00603200810151

16

«Кара-Балта жылуулукэлектр борбору» муниципалдык ишканасы

01709202410359

17

«Кемин Тазалык» муниципалдык ишканасы

00604202310544

18

«Жашыл Мурас» муниципалдык ишканасы

01604202410585

19

«Талас жылуулук камсыздоо ишканасы» муниципалдык ишканасы

00108202410063

20

«Нарын шаардык «Нарын жылуулук берүү» муниципалдык ишканасы

02908202410028

21

«Чаек» муниципалдык ишканасы

00512202310355

22

«Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы» муниципалдык ишканасы

00208202410374

23

«Чолпон-Ата жылуулук» муниципалдык ишканасы

00208202410361

24

«Балыкчы жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасы

00208202410387

25

«Таш-Көмүрдөгү жылуулук менен камсыздоо» муниципалдык ишканасы

03107202410064

26

«Кочкор-Ата жылуулук» муниципалдык ишканасы

03107202410077

27

«Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы» муниципалдык ишканасы

03107202410102

28

«Кара-Көл жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасы

03107202410166

29

«Манас шаарынын мэриясынын «Жылуулук» муниципалдык ишканасы

03107202410112

30

«Базар-Коргон сууканал» муниципалдык ишканасы

01409201510250

31

«Шамалдуу-Сай жылуулук менен камсыздоо» муниципалдык ишканасы

00411202410180

32

«Өзгөн жылуулук» муниципалдык ишканасы

02207202410065

33

«Араван Жылуулукту камсыздоо ишканасы» муниципалдык ишканасы

01007202410541

34

«Кара-Суу жылуулук» муниципалдык ишканасы

02507202410417

35

«Ноокат жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасы

02605201610101

36

«Кызыл-Кыя жылуулук» муниципалдык ишканасы

00908202410037

37

«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы

00205199410037

38

«Ошжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы

01810200110062
