# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы N 93-т (Мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча аналитикалык жана мыйзам чыгаруу маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ жана техникалык жана интеграциялык маселелер боюнча анын чакан жумушчу тобу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы N 93-т (Мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча аналитикалык жана мыйзам чыгаруу маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ жана техникалык жана интеграциялык маселелер боюнча анын чакан жумушчу тобу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 93-т
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045801>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19835/edition/52728/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045801.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы N 93-т (Мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча аналитикалык жана мыйзам чыгаруу маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ жана техникалык жана интеграциялык маселелер боюнча анын чакан жумушчу тобу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) тескемеси (19.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045801

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 19-февралы № 93-т

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-сентябрындагы № 261 "Мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык;

2) Мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча аналитикалык жана мыйзам чыгаруу маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ жана техникалык жана интеграциялык маселелер боюнча анын чакан жумушчу тобу жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча аналитикалык жана мыйзам чыгаруу маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ 3-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

3. Мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча аналитикалык жана мыйзам чыгаруу маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун техникалык жана интеграциялык маселелер боюнча чакан жумушчу тобу 4-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

4. Ведомстволор аралык жумушчу топ жана чакан жумушчу топ Иш-чаралар планында аныкталган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу боюнча толук чараларды көрсүн.

5. Коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүлөргө укуктуу деп белгиленсин:

1) айрым багыттарды ишке ашыруу боюнча чакан жумушчу топторду түзүүгө;

2) иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон учурда белгиленген тартипте министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин адистерин тартууга.

6. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан уюмдар жана мекемелер (макулдашуу боюнча):

- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө так аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;

- ар бир айдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине берсин.

7. Бул тескемени ишке ашыруу тиешелүү мамлекеттик органдардын бекитилген штаттык санынын, тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

8. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.

9. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев

Begin\_nocompare

1-тиркеме

Мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

№

Милдет

Чара/иш-аракет

Ишке ашыруу мөөнөтү

Күтүлүүчү натыйжа (ишке ашырылды)

Жооптуу аткаруучулар

Каржылоо булактары

1. ӨБСти түзүү жана пилоттук ишке киргизүү

1

Мамлекет менен жарандын өз ара эсептешүүлөр процессин ишке ашыруу

ӨБСти иштеп чыгуу, тестирлөө, жеткире иштеп чыгуу жана пилоттук режимде ишке киргизүү

2026-жылдын I-III кв.

ӨБС иштелип чыкты жана пилоттук режимде ишке киргизилди

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, СФ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча)

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

2. Маалыматтык системаларды ведомстволор аралык интеграциялоо

2

Социалдык төлөмдөр жана жөлөкпулдар

2.1. Курагы, майыптыгы, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды төлөө боюнча системалар менен ӨБСти интеграциялоо, аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык пенсияларды төлөөдөн тышкары

2026-жылдын IV кв., дайыма

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), СФ, ЭСКММ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча)

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

2.2. Бала төрөлгөндө бир жолку "Балага сүйүнчү" төлөмү боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо

2026-жылдын II кв.

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча)

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

2.3. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо

2026-жылдын IV кв., дайыма

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча)

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

2.4. Аз камсыз болгондугу, баккан адамынан (баккан адамдарынан) айрылгандыгы, курагы, майыптыгы боюнча ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды жана башка ай сайын/бир жолку социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо

2026-жылдын IV кв., дайыма

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча)

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

2.5. Майыптарга жана ардагерлерге жөлөкпул төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо

2026-жылдын IV кв., дайыма

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча)

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

2.6. Даректүү социалдык жардамды төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо

2026-жылдын IV кв., дайыма

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча)

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

2.7. Көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам төлөө системасы менен ӨБСти интеграциялоо

2026-жылдын IV кв., дайыма

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча)

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

2.8. СФ тарабынан төлөнүүчү расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдан тышкары, сөөк коюуга жөлөкпул төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо

2026-жылдын II кв.

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча)

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

2.9. Өлгөн адамдын алынбай калган пенсиясын төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо

2026-жылдын IV кв., дайыма

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча)

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

3

Компенсациялар жана субсидиялар

3.1. Табигый кырсыктардын, авариялардын жана башкалардын натыйжасында келтирилген зыянга компенсация төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо

2026-жылдын II кв.

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ФМ, облустардагы КРП облустардагы ЫӨА, ЭКМ, ӨКМ, Жер агенттиги, ЭСКММ, "МКУ" ААК (макулдашуу боюнча), "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча)

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

3.2. Турак жай субсидияларын төлөө, анын ичинде ижара акысынын бөлүгүн, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана башкаларга төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо

2026-жылдын II кв.

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча), кепилдик фонддору (макулдашуу боюнча), "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча)

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

3.3. Отун, электр энергиясы, транспорт жана башкалар үчүн субсидияларды төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо

2026-жылдын II кв.

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, ФМ, КМ, КРП облустардагы ЫӨА, Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча), "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча)

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

3.4. Стипендияларды, гранттарды жана билим берүү уюмдарынын башка билим берүү төлөмдөрүн төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо

2026-жылдын II кв.

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ИЖБИМ, кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча)

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

3.5. Милдеттерин аткарууда курман болгондордун, анын ичинде аскер кызматчыларынын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын үй-бүлөлөрүнө компенсацияларды төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо

2026-жылдын II кв.

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча)

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

4

Мамлекеттик заказдар жана контракттар (жеке ишкерлер)

4.1. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен келишимдер боюнча төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо (КӨКК, КАКК)

2026-жылдын II кв.

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча)

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

4.2. Гранттарды жана мамлекеттик (тармактык) чакан бизнести колдоо программаларын төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо

2026-жылдын II кв.

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ФМ, "ИӨФ" ААК (макулдашуу боюнча), ЭКМ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча)

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

5

Аналитика жана болжолдоо

Натыйжасыздыкты жана кайталоону аныктоо максатында төлөмдөрдүн жана салыктардын паттерндерин талдоо үчүн маалыматтардын моделдерин (дата-сеттерди) колдонуу

2026-жылдын IV кв., дайыма

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

6

"Түндүк" ААК менен сервистик интеграциялоо

Жаран тууралуу социалдык маалыматтарды "Түндүк" мобилдик тиркемесине чыгаруу

2026-жылдын IV кв., дайыма

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча), "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

7

Санариптик төлөм системалары жана сервистер үчүн бирдиктүү идентификациялоо системасы

Digital payment (Эл) ID (бардык сервистерде жарандарды авторизациялоо, сплит төлөмдөр, КМБ жана социалдык төлөмдөр үчүн колдонуучунун бирдиктүү профили)

2026-жылдын IV кв.

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК, Кыргызстан банктарынын бирикмеси (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

8

Жарандар үчүн суперсервистер

Суроо-талап алмашуудан (талап боюнча) окуялык алмашууга (окуя болгон факт боюнча) өтүү, мисалга алсак, пенсияга чыгуу, ар айлык субсидиялар жана башкалар

2026-жылдын IV кв., дайыма

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча), "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

9

Маалыматтардын аудити

Социалдык блок боюнча корголгон чөйрөдө бардык ведомстволор аралык транзакцияларды логдоштурууну жүргүзүү

Дайыма

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

10

Иштеп чыгуу үчүн маалыматтарды даярдоо

10.1. Стандартташтырылган сактоону камсыз кылуу жана метадайындар

Дайыма

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча)

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

10.2. Бала төрөлгөндөн баштап "жашоо сценарийлерин" автоматтык түрдө түзүү жана андан ары система өзү бардык керектүү кызмат көрсөтүүлөрдү жана төлөмдөрдү сунуштайт

2026-жылдын IV кв., дайыма

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

11

ӨБСти өнөр жайлык эксплуатациялоого киргизүү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ӨБС жөнүндө тиешелүү жобону бекитүү тууралуу чечимин даярдоо

2026-жылдын IV кв.

Кыргыз Республика-сынын Министрлер Кабинетинин чечими кабыл алынды

СӨИТМ, "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча)

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

3. Өз ара же шарттуу төлөмдөр

12

Салыктык кайтарымдар

12.1. Ашыкча төлөнгөн салыктарды кайтаруу

2026-жылдын III кв.

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), МСК, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча)

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

12.2. Салыктык чегерүүлөр, анын ичинде окутуу, дарылоо, ипотека

2026-жылдын III кв.

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

"Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), МСК, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча)

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

13

Кызмат көрсөтүүдөн баш тарткан учурда мамлекеттик алымды кайтаруу

Кызмат көрсөтүүдөн баш тарткан учурда мамлекеттик алымды кайтаруу

2026-жылдын IV кв.

Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды

Министрликтер жана ведомстволор

Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында

14

Ашыкча төлөнгөн айып пулдарды кайтаруу

Кыскартуулардын тизмеси

КРП облустардагы ЫУӨ аппараттары

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары

Жер агенттиги

\-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик

МСК

\-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы

КАКК

\-

келишимди аткарууну кепилдик камсыздоо

КӨКК

\-

конкурстук өтүнмөнү кепилдик камсыздоо

ӨБС

\-

мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасы

КМБ

\-

кредиттик-маалыматтык бюро

ИЖБИМ

\-

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги

КМ

\-

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

ЭСКММ

\-

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

СӨИТМ

\-

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги

ӨКМ

\-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

ЭКМ

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги

"МКУ" ААК

\-

"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коому

"Түндүк" ААК

\-

"Түндүк" ачык акционердик коому

"ИӨФ" ААК

\-

"Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ачык акционердик коому

"Элдик Банк" ААК

\-

"Элдик Банк" ачык акционердик коому

"Түндүк" ЭВӨС

\-

"Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы

СФ

\-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду

3-тиркеме

Мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча аналитикалык жана мыйзам чыгаруу маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ

Ибраимов Азат Эмильбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын Кырдаалдык борборунун директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;

Пирмаматов Азизбек Салайдинович

\-

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары, чакан жумушчу топтун жетекчиси;

Алиев Бектур Кубанычбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча).

Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:

Нурланова Беназир Нурлановна

\-

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Калдыбаев Эрнст Кыдыкбаевич

\-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Мамат уулу Чынгызбек

\-

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;

Мамырова Гульнура Джекшебаевна

\-

Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин биринчи орун басары;

Джуматаева Гулнур Муратовна

\-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;

Алманбетов Азат Аясбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Токтосунов Жакшылык Турдалиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары;

Байгончоков Мирланбек Конушбекович

\-

Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);

Сарыбаев Рустам Нурмухамедович

\-

"Кыргызстан банктарынын бирикмеси" юридикалык жактар бирикмесинин окуу борборунун директору (макулдашуу боюнча);

Даузова Фарида Фархадовна

\-

"Элдик Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү, башкаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Аманов Талант Калысбекович

\-

"Түндүк" ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Бексултанов Чынгыз Мирбекович

\-

"Түндүк" ачык акционердик коомунун Санариптик саламаттык сактоо жана социалдык коргоо департаментинин директору (макулдашуу боюнча);

Бабаев Бектурган Назарбекович

\-

"Түндүк" ачык акционердик коомунун Санариптик билим берүү департаментинин директору (макулдашуу боюнча);

Токторбаев Айдар Бектурсунович

\-

"Түндүк" ачык акционердик коомунун Ведомстволор аралык санариптик чечимдерди башкаруу департаментинин директору (макулдашуу боюнча);

Абдыжалиев Бактыгул Рысбекович

\-

"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).

4-тиркеме

Мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча аналитикалык жана мыйзам чыгаруу маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун техникалык жана интеграциялык маселелер боюнча чакан жумушчу тобу

Пирмаматов Азизбек Салайдинович

\-

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басары, чакан жумушчу топтун жетекчиси, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.

Чакан жумушчу топтун мүчөлөрү:

Амантаев Руслан Нурдинович

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин бизнес-чөйрө саясаты башкармалыгынын банктык эмес финансылык рынок саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Абдужапаров Дархан Дастанович

\-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматтык системалар жана модернизациялоо башкармалыгынын техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси;

Ажиходжоева Аида Нурсадыковна

\-

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик социалдык төлөмдөр боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу;

Далимова Миргуль Махмудовна

\-

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмүнүн башчысы;

Асаналиев Бакыт Омушевич

\-

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси;

Асанбек уулу Руслан

\-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун санариптик өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;

Осмонов Аскар Октябревич

\-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын санариптик трансформациялоо башкармалыгынын начальниги;

Ибраимова Венера Джумадиловна

\-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салыктарды чегерүүнү жана кайра кайтарууну контролдоо бөлүмүнүн начальниги;

Эркебаев Кантемир Молдобазарович

\-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын фискалдаштырууну ишке киргизүүнү контролдоо башкармалыгынын начальниги;

Качкынбай уулу Шамшыбек

\-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин директору;

Туркбаев Талант Кубанычбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин санариптик трансформациялоо башкармалыгынын маалыматтык технологиялар секторунун башкы адиси;

Джакубова Асель Кенжетаевна

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын санариптик жана финансылык технологиялар башкармалыгынын башкы адиси (макулдашуу боюнча);

Исаев Азамат Саламатбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системаларын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетектөөчү инспектору (макулдашуу боюнча);

Жумалиев Жумамудун Болотбекович

\-

Бишкек шаарынын мэриясынын "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча);

Ким Тимур Игоревич

\-

"Элдик банк" ачык акционердик коомунун Төлөм инфратүзүмү борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Абылов Адилет Кубанычбекович

\-

"Элдик банк" ачык акционердик коомунун Төлөм инфратүзүмү борборунун IT-менеджери (макулдашуу боюнча);

Маматкеримов Азатбек Талантбекович

\-

"Түндүк" ачык акционердик коомунун Санариптик саламаттык сактоо жана социалдык коргоо департаментинин долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча);

Туралиев Сеит Каныбекович

\-

"Түндүк" ачык акционердик коомунун Санариптик саламаттык сактоо жана социалдык коргоо департаментинин долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча);

Оморкулова Гульниза Таалайбековна

\-

"Түндүк" ачык акционердик коомунун Ведомстволор аралык санариптик чечимдерди башкаруу департаментинин долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча);

Эрмеков Улукбек Эрмекович

\-

"Түндүк" ачык акционердик коомунун Ведомстволор аралык санариптик чечимдерди башкаруу департаментинин башкы бизнес-аналитиги (макулдашуу боюнча);

Жамалидин уулу Тойчубек

\-

"Түндүк" ачык акционердик коомунун Санариптик билим берүү департаментинин архитектору (макулдашуу боюнча);

Бообеков Алмазбек Дюйшебекович

\-

"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун IТ- бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);

Токтосунов Адилет Ырысбекович

\-

"Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ачык акционердик коомунун маалыматтык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча).

Приложение 2

(к распоряжению Кабинета Министров Кыргызской Республики от 19 февраля 2026 года № 93-т)

ПОЛОЖЕНИЕ о межведомственной рабочей группе по разработке и запуску единой автоматизированной системы взаиморасчетов государства и гражданина по аналитическим и законодательным вопросам и ее рабочей подгруппе по техническим и интеграционным вопросам

## Глава 1.

Общие положения

1. Настоящее Положение определяет цели, задачи, порядок формирования, полномочия и порядок деятельности межведомственной рабочей группы по разработке и запуску единой автоматизированной системы взаиморасчетов государства и гражданина по аналитическим и законодательным вопросам (далее - МРГ), а также ее рабочей подгруппе по техническим и интеграционным вопросам МРГ (далее - рабочая подгруппа).

2. МРГ формируется для целей, определенных Указом Президента Кыргызской Республики "О разработке и запуске единой автоматизированной системы взаиморасчетов государства с гражданами" от 18 сентября 2025 года № 261, и задач, определенных Планом мероприятий по разработке и запуску единой автоматизированной системы взаиморасчетов государства и гражданина (далее - План мероприятий).

3. МРГ в своей деятельности руководствуется Конституцией Кыргызской Республики, конституционными законами, законами Кыргызской Республики, актами Президента Кыргызской Республики, иными нормативными правовыми актами Кыргызской Республики, актами Кабинета Министров Кыргызской Республики, а также настоящим Положением.

## Глава 2.

Формирование и состав МРГ

4. МРГ образуется решением Кабинета Министров Кыргызской Республики. В состав МРГ входят заместители руководителей государственных органов и органов местного самоуправления, руководители общественных и научных организаций, представители делового, финансового и экспертного сообщества.

5. Также при МРГ решением Кабинета Министров Кыргызской Республики образуется рабочая подгруппа, в состав которой входят представители государственных органов и органов местного самоуправления, общественных и научных организаций, делового, финансового и экспертного сообщества.

6. МРГ в случае необходимости для решения возложенных задач вправе создавать подгруппы по иным вопросам.

## Глава 3.

Полномочия и порядок деятельности МРГ

7. МРГ и рабочая подгруппа выполняют следующие основные функции:

1) осуществление общего руководства и координация работ по разработке, внедрению и эксплуатации единой автоматизированной системы;

2) определение стратегического направления, формирование целей, задач, этапов и сроков реализации Плана мероприятий;

3) рассмотрение и принятие решений по предложениям, подготовленным рабочими подгруппами по ключевым вопросам реализации Плана мероприятий;

4) координация взаимодействия между государственными органами и органами местного самоуправления, а также другими организациями, участвующими в реализации Плана мероприятий;

5) утверждение концептуальных, организационных, технических, архитектурных и нормативных документов, касающихся функционирования систем;

6) осуществление контроля за соблюдением сроков, качеством выполнения работ и использованием ресурсов;

7) организация обмена информацией между всеми участниками реализации Плана мероприятий и контроль за выполнением поставленных задач;

8) подготовка поручений, предложений и рекомендаций по реализации Плана мероприятий.

8. Полномочия МРГ:

1) проведение анализа действующего законодательства, регулирующего создание, эксплуатацию и использование информационных систем;

2) определение необходимости внесения изменений и дополнений в нормативные правовые акты для обеспечения функционирования систем;

3) разработка проектов нормативных правовых актов (или изменений к ним) и методических рекомендаций, в том числе по следующим вопросам:

- определение правового статуса единой автоматизированной системы взаиморасчетов государства и гражданина;

- определение порядка обмена и защиты данных;

- решение вопросов по идентификации, авторизации и доступа;

- распределение обязанностей и ответственности участников межведомственного информационного взаимодействия;

- согласование правовых позиций с заинтересованными участниками;

- подготовка предложений по обеспечению правовых основ межведомственного взаимодействия и обмена информацией между участниками.

9. Рабочая подгруппа выполняет следующие функции:

- разработка технической концепции и архитектуры информационных системы;

- определение требований к функциональности, инфраструктуре, безопасности и интеграции с другими участниками информационных систем;

- подготовка технического видения или задания и спецификации для разработки, тестирования и внедрения систем;

- осуществление анализа и оценки существующих информационных ресурсов, систем и сервисов, подлежащих интеграции;

- формирование предложений по межведомственным протоколам обмена данными и использования API;

- разработка предложений по обеспечению информационной безопасности и защите персональных данных в технической части;

- координация пилотного внедрения систем, сервисов и микросервисов;

- обеспечение подготовки методических материалов и рекомендаций по эксплуатации систем;

- согласование технических решений с заинтересованными участниками.

10. Взаимодействие рабочих подгрупп:

- подгруппы работают во взаимной координации, обмениваются информацией и совместно подготавливают итоговые документы;

- все предложения и документы рабочих подгрупп подлежат рассмотрению и утверждению МРГ.

11. МРГ и рабочие подгруппы руководитель МРГ созывает по мере необходимости и распределяет между руководителями рабочих подгрупп соответствующие поручения, а также принимает решения по вопросу привлечения дополнительных специалистов.

МРГ осуществляет свою деятельность на принципах законности, открытости, гласности и справедливости. Деятельность МРГ осуществляется в форме заседаний. МРГ осуществляет свою деятельность на основе открытого обсуждения вопросов, относящихся к ее компетенции. При необходимости члены МРГ для получения более подробной информации выезжают на места, а также для более детального анализа ситуации вправе запрашивать развернутые материалы у задействованных в исполнении Плана мероприятий государственных органов в рамках законодательства Кыргызской Республики. На заседаниях МРГ вправе присутствовать и высказывать свое мнение члены соответствующих организаций, которые входят в состав МРГ, каждый по своему профилю. Также на заседания МРГ могут быть приглашены профильные специалисты и эксперты по рассматриваемому вопросу. Обеспечение деятельности МРГ осуществляет руководитель МРГ, а при необходимости перепоручает обеспечение деятельности МРГ своему заместителю/руководителю рабочей подгруппы.