# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрели № 313 "Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук аӊ-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлине, аларды жогорулатуу боюнча ишке ашырылуучу чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтмоу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрели № 313 "Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук аӊ-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлине, аларды жогорулатуу боюнча ишке ашырылуучу чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтмоу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 313
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045797>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54978/edition/52718/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045797.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрели № 313 "Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук аӊ-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлине, аларды жогорулатуу боюнча ишке ашырылуучу чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтмоу (30.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045797

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 30-апрели № 313

Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук аӊ-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлине, аларды жогорулатуу боюнча ишке ашырылуучу чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-майындагы № 146 «Кыргыз Республикасынын 2023–2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2023–2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 15-пунктун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук аӊ-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлине, аларды жогорулатуу боюнча ишке ашырылуучу чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Бул токтомду ишке ашыруу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн тиешелүү жылга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 1-майындагы № 33 (3793) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
