# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-майы № 331 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 398 «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-майы № 331 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 398 «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 331
- Кабыл алынган күнү: 12.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045744>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54935/edition/52668/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045744.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-майы № 331 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 398 «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (12.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045744

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 12-майы № 331

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 398 «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 398 «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматы жөнүндө жободо:

– 7-пунктта «Фрунзе көчөсү, 469» деген сөздөр «Жибек-Жолу проспекти, 322» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 17-пункттун сегизинчи–онунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«– коррупциянын алдын алуунун ички системасынын иштешин камсыз кылат, анын ичинде коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгат жана киргизет;

– коррупциялык факторлорго мониторинг жүргүзүүнү уюштурат, аларды жоюу боюнча чараларды көрөт, Кызматтын кызматкерлери менен алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзөт;

– Кызматтын кызматкерлери тарабынан мыйзамдардын сакталышына үзгүлтүксүз контролдоо, анын ичинде ченемдик талаптардын аткарылышына мониторинг, кызматтык аракеттердин мыйзамдуулугуна талдоо жүргүзөт жана бузуулар аныкталган учурда чараларды көрөт;».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-майындагы № 36 (3796) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
