# Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 1/7-36 "О.Новичихинанын жер участогуна укук токтотулганына байланыштуу муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 1/7-36 "О.Новичихинанын жер участогуна укук токтотулганына байланыштуу муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: I/7-36
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045741>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54937/edition/52671/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045741.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 1/7-36 "О.Новичихинанын жер участогуна укук токтотулганына байланыштуу муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө" (08.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045741

---

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 8-апрели № I/7-36 "О.Новичихинанын жер участогуна укук токтотулганына байланыштуу муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө" Чуй областынын Кемин районунун прокуратурасынын 2025-жылдын 03-февралындагы № 11/05-13-25 ченемдин укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө талабынын негизинде Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1999-жылдын 2-июну № 46 Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 62-беренесинин 3-п жана 4-п "жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу дуйнөдөн кайтканда, мурасчылар жок болсо" жана 4-п "жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу жер участогуна болгон укугунан ыктярдуу баш тартканда" ылайык О.Новичихинага тиешелүү болгон Кызыл-Октябрь айылынын Шаповалова көчөсүнүн №º19 дареги боюнча жайгашкан үй курулмасынын жана 183-контурунда жайгашкан 0,98 га жер тилкеси боюнча жер участогуна укук токтотулганына байланыштуу муниципалдык менчик өткөрүлсүн.

2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулайманов тапшырылсын.

Төрага

А.Карамырзаев
