Раззаков шаардык кенешинин «Региондорду өнүктүрүү фонддоруна сунушталуучу артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (кезектеги XVII сессия) 2026-жылдын 27-февралы № 7
Региондорду өнүктүрүү фонддоруна сунушталуучу артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “Региондорду өнүктүрүү фонддоруна сунушталуучу артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы №554 токтому менен бекитилген “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө” типтүү жобосуна ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:
Региондорду өнүктүрүү фонддоруна сунушталуучу төмөнкү артыкчылыктуу долбоорлордун тизмеси бекитилсин.
1. Лейлек районунун өнүктүрүү фондуна – “Манипулятор-көтөргүч жана аз жүк ташуучу унаа атайын техникаларын алуу” долбоору. Жалпы болжолдуу бюджети 6,6 млн сом, а.и. өздүк салым 1,0 млн сом.
2. Баткен облусун өнүктүрүү фондуна – “Дөңгөлөктүү кичи экскватор алуу” долбоору. Жалпы болжолдуу бюджети 7,0 млн сом, а.и. өздүк салым 1,0 млн сом.
Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
С.А. Саматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.