# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрели № 303 "Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлчүлүктөрүн ачуу жана алардын кабарчыларын аккредитациялоо маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрели № 303 "Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлчүлүктөрүн ачуу жана алардын кабарчыларын аккредитациялоо маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 303
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045714>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54915/edition/52641/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045714.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрели № 303 "Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлчүлүктөрүн ачуу жана алардын кабарчыларын аккредитациялоо маселелери жөнүндө" токтому (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045714

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 29-апрели № 303

Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлчүлүктөрүн ачуу жана алардын кабарчыларын аккредитациялоо маселелери жөнүндө

«Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлчүлүктөрүн ачуу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредитациялоо тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жободо:

– 8-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«– Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлчүлүктөрүн ачууга макулдук берүү.».

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-апрелиндеги № 215 «Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредиттөө жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын8-июнундагы № 354 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-апрелиндеги № 215 «Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредиттөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-майындагы № 34 (3794) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
