Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлчүлүктөрүн ачуу жана алардын кабарчыларын аккредитациялоо маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 29-апрели № 303
Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлчүлүктөрүн ачуу жана алардын кабарчыларын аккредитациялоо маселелери жөнүндө
«Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлчүлүктөрүн ачуу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредитациялоо тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жободо:
– 8-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлчүлүктөрүн ачууга макулдук берүү.».
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-апрелиндеги № 215 «Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредиттөө жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын8-июнундагы № 354 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-апрелиндеги № 215 «Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредиттөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-майындагы № 34 (3794) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012 · № 113
- Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлчүлүктөрүн ачуу тартиби жөнүндө ЖОБО (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 303 токтомуна)Положение · 29.04.2026 · № 303
- Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредитациялоо ТАРТИБИ (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 303…Приложение · 29.04.2026 · № 303
- "Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредиттөө жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын…Положение · 19.04.2000 · № 215 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 19 апреля 2000 года №215 "Об утверждении Положения об аккредитации корреспондентов средств массовой информации иностранных государств на…Постановление · 19.04.2000 · № 215 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 354 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-апрелиндеги № 215 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин жалпыга…Постановление · 08.06.2017 · № 354 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 113
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөЗакон · 06.08.2025 · № 188
- Постановление Правительства КР от 19 апреля 2000 года №215 "Об утверждении Положения об аккредитации корреспондентов средств массовой информации иностранных государств на…Постановление · 19.04.2000 · № 215 · Күчүн жоготкон