# З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 2/2 "З. Кайназарова атындагы айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби боюнча Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 2/2 "З. Кайназарова атындагы айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби боюнча Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2/2
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045611>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54856/edition/52524/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 2/2 "З. Кайназарова атындагы айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби боюнча Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому (22.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045611

---

З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXIX-чакырылыштын 2- (кезектүү) сессиясы

2026-жылдын 22-апрели № 2/2

З. Кайназарова атындагы айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби боюнча Жобосун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” 2024-жылдын 22-февралындагы №53 Мыйзамынын, “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүүжөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 токтому менен бекитилген Типтүү Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчилике алып, З. Кайназарова атындагы айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын алдын ала брондоо тартиби жөнүндө Жобосу ушул токтомго №1 тиркеме катары бекитилсин.

2. “Достук” Муниципалдык ишканасы аталган Жободо бекитилген тартипте иш алып барсын.

3. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министирлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик Укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жѳнѳтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Төрага

Э.Б. Ибраимов
