Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Электр энергиянын карызын жоюу жөнүндө» токтому
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX-чакырылыштын 1- (кезектүү) сессиясы
2026-жылдын 28-январы № 1/9
Электр энергиянын карызын жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №126 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү бюджеттерди каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдардын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө” Жобонун 6- пунктуна ылайык “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү кеңештин чечимине ылайык жергиликтүү бюджетте турган бюджеттик мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн карызын жоюуга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп бере алат” жана Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 19-январындагы №02-01-10/319 каттын негизинде З.Кайназарова атындагы айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. З.Кайназарова атындагы айыл аймагындагы жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин электр энергиясы үчүн пайда болгон карызды жоюу үчүн 70629 бөлүмүнүн 2231 беренесине 971,0 миң сом бөлүнсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышы З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүм башчысы А.Б.Мамырбаевага жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жумашалиевге жүктөлсүн.
Төрага
Э.Б. Ибраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.