Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-апрели № 320
Утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, калдыктарды натыйжалуу башкарууга багытталган иш-чараларды уюштуруу, айлана-чөйрөнү коргоо системасын туруктуу өнүктүрүү, ыкчам жана кечиктирилгис чечүүнү талап кылган калдыктарды утилдештирүү жана кайра иштетүү боюнча иш-чараларды каржылоо максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 841-беренесине, «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жана шарттары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 320 токтомуна)Положение · 30.04.2026 · № 320 · Күчүнө кире элек
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндөЗакон · 15.08.2023 · № 181
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90