Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Инвестициялык макулдашууну түзүү стадиясында дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө инвесторлордун суроо-талаптарын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароо тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 305 токтомуна)
Инвестициялык макулдашууну түзүү стадиясында дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө инвесторлордун суроо-талаптарын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында иштелип чыккан, ачык конкурс же түз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча инвестициялык макулдашууну түзүүнүн алкагында мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө инвесторлордун суроо-талаптарды берүүнүн жалпы стандарттарын жана аларды кароонун кийинки жол-жоболорун белгилейт.
2. Дем берүүчү чаралар - инвестициялык ишти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвесторлордун капиталга салымынын кызыкчылыгын жогорулатуу жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун чыңдоо максатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуучу укуктук, экономикалык, административдик жана уюштуруучулук инструменттердин жыйындысы.
3. Дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө инвесторлордун суроо-талаптарын кароодо мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, калыстык, инвестордун маалымат алууга укугун камсыз кылуу принциптерин жетекчиликке алат.
4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары инвесторлордун суроо-талаптарын толук жана өз убагында кароону камсыз кылууга милдеттүү.
5. Мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө инвестордун суроо-талабын кароо, анын ичинде ушул Тартипте каралган жол-жоболук этаптардан өтүү, Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө мыйзамдарында инвестициялык макулдашууну түзүү үчүн белгиленген мөөнөттө аяктоого тийиш.
6. Ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган маанилерде колдонулат.
2-глава. Суроо-талаптарды берүүнүн эрежелери
7. Инвесторлор инвестициялардын көлөмүнө жана багытына жараша төмөнкүдөй дем берүүчү чараларды берүү үчүн суроо-талап берүүгө укуктуу:
1) салыктар боюнча турукташтыруу режимин, ошондой эле бажы жеңилдиктерин жана салыктык эмес төлөмдөрдү;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык негизги каражаттарга тездетилген амортизациялоону колдонуу укугун берүүгө;
3) техникалык жөнгө салуунун атайын эрежелерин жана талаптарын алар жок болгон учурда иштеп чыгууга жана кабыл алууга;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер тилкесин пайдалануу укугун, анын ичинде суу объекттерин пайдалануу укугун;
5) инженердик инфраструктурага жана коммуникацияларга кошууга;
6) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр менен байланышкан лицензияларды, уруксаттарды жана башка документтерди;
7) инвестициялык визаны.
8. Инвестор инвестициялык долбоор боюнча конкурстун жеңүүчүсү деп таанылгандыгы жөнүндө кабарлоо алгандан кийин же түз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аны менен макулдашуу түзүүгө макулдашууга жетишилген учурда, мындай чараларды берүү мүмкүнчүлүгү долбоорду демилгелөө этабында каралган жана инвестор өзүнүн документтеринде аларды алууга кызыкдарлыгын билдирген шартта дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө суроо-талап берүүгө укуктуу.
9. Инвестор дем берүүчү чараларды берүү боюнча суроо-талапты тиешелүү дем берүүчү чара боюнча өтүнмөлөрдү кароого жооптуу мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына берүүгө укуктуу.
10. Суралып жаткан дем берүүчү чаралардын түрүнө карабастан, инвестордун суроо-талабында милдеттүү түрдө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) суроо-талап жөнөтүлүп жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы;
2) инвестордун фамилиясы, аты, атасынын аты (акыркысы болгон учурда) же эгерде суроо-талап юридикалык жактын атынан берилсе, юридикалык жактын аталышы;
3) жооп жөнөтүлө турган дарек (почта же электрондук);
4) инвестициялык долбоор боюнча конкурсту өткөргөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы;
5) утуп алынган инвестициялык долбоордун аталышы жана кыскача сыпаттамасы;
6) инвесторду инвестициялык долбоор боюнча конкурстун жеңүүчүсү деп таануу жөнүндө чечимдин расмий жарыяланышы тууралуу маалыматтар, анын ичинде жарыяланган датасы жана чечимди жарыялаган мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий веб-сайтына шилтеме;
7) болжолдонгон инвестициялардын суммасы;
8) инвестициялык макулдашууну түзүүнүн пландалган мөөнөтү;
9) суралып жаткан дем берүүчү чаранын аталышы;
10) дем берүүчү чараны берүүнүн негиздемеси.
Суроо-талаптын мазмунуна жана формасына карата конкреттүү талаптар, ага тиркелүүчү зарыл документтердин тизмеси, ошондой эле инвесторго дем берүүчү чараларды берүү же берүүдөн баш тартуу үчүн шарттар жана негиздер ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн дем берүүчү чараларды берүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын өзүнчө ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн веб-сайттарында жана башка онлайн-ресурстарында дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө суроо-талаптарды берүү жана кароо үчүн зарыл болгон толук маалыматты, анын ичинде документтердин тизмесин, талаптарды, баалоо критерийлерин, ошондой эле мындай чараларды берүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында каралган арыздардын формаларын жана аларды толтуруунун үлгүлөрүн жайгаштырууга милдеттүү.
11. Инвестордун суроо-талабы кагаз жүзүндө жеке өзү же почта аркылуу, же болбосо колдонуудагы мамлекеттик электрондук билдирүүлөр системалары, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттары жана расмий электрондук почта даректери аркылуу электрондук форматта жөнөтүлүшү мүмкүн.
12. Инвесторлордун суроо-талаптары мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан алар келип түшкөн учурдан тартып кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен милдеттүү түрдө катталууга тийиш. Каттоодо датасы коюлат жана каттоо номери ыйгарылат.
Электрондук форматта суроо-талап берилген учурда инвесторго каттоо датасын жана каттоо номерин көрсөтүү менен каттоо жөнүндө ырастама автоматтык режимде да жөнөтүлүүсү зарыл. Инвесторго суроо-талаптын катталгандыгы жөнүндө 3 (үч) календардык күндүн ичинде кабарланат. Инвестордун суроо-талабы катталган күн аны кароо мөөнөттөрүн эсептөө башталган күн болуп эсептелет.
13. Инвестордон дем берүүчү чараны берүү жөнүндө суроо-талап алган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде анын келип түшкөндүгү жөнүндө төмөнкүлөргө кабарлоого милдеттүү:
1) тиешелүү инвестициялык долбоор боюнча конкурсту өткөргөн мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына;
2) мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган).
3-глава. Суроо-талаптарды кароонун мөөнөттөрү жана тартиби
14. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы инвестордун суроо-талабын берилген документтердин толуктугун аларды берген датадан тартып 3 (үч) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө текшерет.
Жетишпеген документтер аныкталган учурда аныкталган датадан тартып 2 (эки) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы инвесторго жетишпеген документтерди берүү зарылдыгы жөнүндө кабарлайт. Инвестор мамлекеттик органдан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан кабарлоону алган датадан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде жетишпеген документтерди берүүгө тийиш. Башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы зарыл болгон документтерди тиешелүү орган ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибинде, электрондук документ жүгүртүү системасы (ЭДЖ), маалымат алмашуунун автоматташтырылган электрондук платформалары, бирдиктүү маалыматтык системалар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жеткиликтүү механизмдер аркылуу суроо-талапты жөнөтүү менен өз алдынча алат.
15. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы инвесторлорду инвестициялык долбоор боюнча түшүндүрмө берүүгө чакырууга укуктуу. Инвестордун түшүндүрмө берүүдөн баш тартуусу мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына анын дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө суроо-талабын кароодон баш тартууга негиз боло албайт.
Инвесторлор берилген документтердин жана маалыматтардын актуалдуулугу жана ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат.
16. Инвестор мамлекеттик органдан же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан инвестициялык долбоор боюнча дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө суроо-талапты кароонун жүрүшү тууралуу маалыматты суроого жана чечим кабыл алынганга чейин каалаган этапта кароонун статусу жана анын жүрүшү жөнүндө актуалдуу жана анык маалымат алууга укуктуу.
17. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы инвестордун дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө суроо-талабын кароодо алынган маалыматтын купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар талап кылган учурларды кошпогондо, мындай маалыматты ачыкка чыгарууга жол берилбейт.
18. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы документтердин толук пакети кабыл алынган датадан тартып 15 (он беш) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө инвестордун суроо-талабын кароого жана дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө укуктук негиздемени жана документтерге шилтемелерди камтуу менен жүйөлүү чечим чыгарууга милдеттүү.
Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими буйрук менен таризделет. Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечимине макул болбогон инвестор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган Инвесторлордун даттанууларын кароо жана аларды коштоо тартибине ылайык ыйгарым укуктуу органга даттанууга укуктуу.
19. Инвесторго дем берүүчү чараларды берүү же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы чечимдин көчүрмөсүн кызыкдар тараптарга жөнөтүүгө милдеттүү.
Чечимдин көчүрмөсү ал чыгарылган датадан тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде төмөнкү даректерге жөнөтүлөт:
1) дем берүүчү чараларды алуу жөнүндө суроо-талап берген инвесторго;
2) дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө суроо-талап берген инвестор жеңүүчү болгон инвестициялык долбоор боюнча конкурсту өткөргөн мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына;
3) ыйгарым укуктуу органга.
Чечимдин көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген документ жүгүртүү тартибине ылайык жөнөтүлөт.
20. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы дем берүүчү чараларды берүүнүн тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган негиздер жана тартип боюнча мурда берилген дем берүүчү чараны жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Мындай жокко чыгарууга негиз болушу мүмкүн болгон жагдайлар аныкталган учурда мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы алар аныкталган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде инвесторду жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Инвестор мындай кабарлоону алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өзүнүн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн берүүгө же аларды жеке өзү баяндоого укуктуу. Инвесторго түшүндүрмө берүү үчүн берилген мөөнөттүн ичинде мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мурда берилген дем берүүчү чараны жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуксуз.
Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мурда берилген дем берүүчү чараны жокко чыгаруу жөнүндө чечиминин көчүрмөсү ал чыгарылган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде төмөнкү даректерге жөнөтүлөт:
1) дем берүүчү чараны алган инвесторго;
2) дем берүүчү чараны алган инвестор жеңүүчү болгон инвестициялык долбоор боюнча конкурсту өткөргөн мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына;
3) ыйгарым укуктуу органга.
Эгерде мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мурда берилген дем берүүчү чараны жокко чыгаруу жөнүндө кабыл алган чечими инвестициялык макулдашууну анын шарттарына ылайык мөөнөтүнөн мурда бузууга алып келсе, инвестордон дем берүүчү чаралардын иш жүзүндө алынган суммасына каражаттар өндүрүлүүгө тийиш.
21. Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими инвесторго дем берүүчү чараларды алууга суроо-талапты берүү үчүн инвестор колдонгон окшош ыкма менен жөнөтүлөт. Башка даректерге чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген документ жүгүртүү тартибине ылайык жөнөтүлөт.
22. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары инвесторлордун суроо-талаптарын, тиешелүү документтерди, чечимдерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленген башкаруу ишин документтештирүүгө жана документтер менен иштөөнү уюштурууга карата бирдиктүү талаптарга ылайык сактоону камсыз кылат.
23. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө инвесторлордун суроо-талаптарын кароо мөөнөттөрүнүн сакталышына мониторинг жүргүзөт жана аталган органдардан алардын кароо жүрүшү жөнүндө маалымат суроого укуктуу.
4-глава. Дем берүүчү чараларды алуунун өзгөчө шарттары
24. Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын катышуусу менен инвестициялык долбоор боюнча инвестордун дем берүүчү чараларды алууга укугу төмөнкү шарттар болгондо келип чыгат:
1) инвестициялык макулдашууну түзүү;
2) дем берүүчү чараларды берүү менен байланышкан инвестициялык макулдашуунун шарттарын сактоо;
3) мыйзамда белгиленген, тиешелүү финансылык документтер менен ырасталган кепилденген түз инвестициялардын минималдуу көлөмүн киргизүү.
25. Алар берилген учурда, инвесторго инвестициялык долбоор боюнча дем берүүчү чараларды берүү шарттары жана мөөнөттөрү инвестициялык макулдашууда камтылышы керек.
26. Инвестор инвестициялык макулдашуу боюнча инвестицияларды салуу милдеттенмелерин аткарбоосу инвестициялык макулдашууну мөөнөтүнөн мурда бузуу жана инвестордон берилген дем берүүчү чаралардын суммасында каражаттарды өндүрүү үчүн негиз болуп саналат.
5-глава. Маалыматтык камсыздоо жана дем берүүчү чараларды берүүнү эсепке алуу
27. Ыйгарым укуктуу орган инвесторлорго методологиялык колдоо көрсөтүү милдетин аткаруунун алкагында өзүнүн расмий веб-сайтында дем берүүчү чараларды берүүнүн шарттарын жана тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын актуалдуу ченемдик укуктук актылары жөнүндө маалыматты, ошондой эле инвесторго дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө суроо-талапты даярдоонун, берүүнүн жана коштоонун этап-этаптуу тартибин түшүндүргөн методикалык колдонмону жайгаштырат.
28. Ыйгарым укуктуу орган түзүлгөн инвестициялык макулдашуулардын алкагында инвесторлорго берилген дем берүүчү чараларды эсепке алууну жүргүзөт. Эсепке алуу дем берүүчү чаралардын реестрин (мындан ары - реестр) жүргүзүү жолу менен жүргүзүлөт. Реестрди жүргүзүүнүн тартиби, формасы жана курамы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
Реестр милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) инвестор/дем берүүчү чараны алуучу жөнүндө маалыматтар (инвестордун фамилиясы, аты, атасынын аты (акыркысы болсо) же юридикалык жактын толук аталышы);
2) инвестициялык долбоордун аталышы;
3) инвестициялык долбоор боюнча конкурсту өткөргөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы;
4) инвестициялык макулдашуунун реквизиттери (аталышы, номери, түзүлгөн датасы);
5) берилген дем берүүчү чаранын түрү;
6) дем берүүчү чараны берүү үчүн негиз болгон ченемдик укуктук акт;
7) дем берүүчү чараны берүү жөнүндө мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин датасы жана номери;
8) дем берүүчү чараны берүүнүн маанилүү шарттары жана мөөнөтүнөн мурда токтотуу же жокко чыгаруу үчүн негиздер.
Коммерциялык, салыктык же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтар реестрге "Купуя" деген белгиси менен киргизилет. Ыйгарым укуктуу орган мындай маалыматтарды уруксаты жок кирүүдөн, жайылтуудан жана башка мыйзамсыз колдонуудан коргоону камсыз кылууга милдеттүү. Реестрден маалыматтарды үчүнчү жактарга берүү тартиби Кыргыз Республикасынын купуя маалыматты жана жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндөЗакон · 12.08.2025 · № 198
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрели № 305 "Инвестициялык макулдашууну түзүү стадиясында дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө инвесторлордун…Постановление · 29.04.2026 · № 305