Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Салам-Алик айыл аймагында жайгашкан жер тилкесин „Айыл чарба багытындагы жерлер“ жана „Мамлекеттик токой фондунун жерлери“ категорияларынан „Суу фондунун жерлери“ категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-марты № 152
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Салам-Алик айыл аймагында жайгашкан жер тилкесин "Айыл чарба багытындагы жерлер" жана "Мамлекеттик токой фондунун жерлери" категорияларынан "Суу фондунун жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Салам-Алик айыл аймагына селден коргоочу курулмаларды куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, 104-беренесинин 5-пунктуна, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 11-декабрындагы № 01-39/4923 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 8-декабрындагы № 01-13/85 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Салам-Алик айыл аймагында жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 50,16 га болгон жер тилкеси, анын ичинен Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун № 1563 (0,16 га), № 2602 (0,13 га) контурлардагы 0,29 га сугат айдоо "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан; № 1438 (26,89 га), № 498 (22,98 га) контурлардагы 49,87 га "Мамлекеттик токой фондунун жерлери" категориясынан "Суу фондунун жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
4) тиешелүү аймакта жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо боюнча колдонмону сактоону;
5) чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык экологиялык талаптарды аткарууну;
6) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
7) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталган учурда, аларды Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык сактоону;
8) электр берүүнүн аба линияларын коопсуз жана талаптагыдай эксплуатациялоо үчүн тийиштүү коргоо аралыктарын 1000 Вольттон жогорку чыңалуудагы электр тармактарын коргоо эрежелерине ылайык сактоону;
9) "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жана талаптарын, автомобиль жолдорунун техникалык параметрлерин сактоону;
10) санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 22.05.2023 · № 104
- Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2009 · № 257
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон