Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 90 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 12-майы № 159
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 90 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 90 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамында:
– Байсалов Эдил Жолдубаевич, Дарманкул уулу Бакыт курамдан чыгарылсын;
– Абыкеев Чолпонбек – Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Комиссиянын төрагасы, Досматов Камчыбек Султанмуратович – Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары курамга киргизилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.