# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрели № 300 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 493 "Кыргыз Республикасындагы Адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүү улуттук механизмин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрели № 300 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 493 "Кыргыз Республикасындагы Адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүү улуттук механизмин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 300
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045550>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54831/edition/52436/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045550.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрели № 300 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 493 "Кыргыз Республикасындагы Адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүү улуттук механизмин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (28.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045550

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 28-апрели № 300

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 493 "Кыргыз Республикасындагы Адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүү улуттук механизмин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасында адам сатуунун курмандыктарын аныктоо жана идентификациялоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 493 "Кыргыз Республикасындагы Адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүү улуттук механизмин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо критерийлеринде: 1-тиркемеде: "Белгилери" графасынын 1-пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- санариптик технологияларды, анын ичинде социалдык тармактарды, мессенджерлерди, онлайн-сервистерди, электрондук коммуникациялык системаларды жана башка интернет-платформаларды пайдалануу менен байланышууда;"; 2-тиркемеде: "Белгилери" графасынын 1-пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- санариптик технологияларды, анын ичинде социалдык тармактарды, мессенджерлерди, онлайн-сервистерди, электрондук коммуникациялык системаларды жана башка интернет-платформаларды пайдалануу менен байланышууда;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
