# Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 59 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 59 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045548>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5745/edition/52445/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045548.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 59 "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045548

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2026-жылдын 29-апрели № 59

"Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045548/st-1)

"Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 881-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-беренеде:

а) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Насыялык тарыхка насыялык маалымат субъектинин милдеттенмени аткаруу күнүнөн тартып төмөнкү мөөнөттөн ашык убакыт өткөн акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери жөнүндө маалыматтар киргизилбейт:

1) негативдүү насыялык маалымат үчүн эки жылдан;

2) суммасы отуз миң сомго барабар же андан аз насыялык бүтүм боюнча негативдүү насыялык маалымат үчүн бир жылдан;

3) позитивдүү насыялык маалымат үчүн беш жылдан.";

б) 5-бөлүктөгү "беш" деген сөз "эки" деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 14-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунда:

а) экинчи абзацтагы "жети" деген сез "беш" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) үчүнчү абзацтагы "беш" деген сөз "эки" деген сөзгө алмаштырылсын;

в) төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- суммасы отуз миң сомго барабар же андан аз насыялык бүтүм боюнча негативдүү насыялык маалыматты бир жыл бою;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045548/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 1-майындагы № 33 (3793) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2026-жылдын 2-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
