# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 23-мартындагы № 10-1/80 "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын орточо бийиктик белгилерин аныктоо боюнча методикалык колдонмону бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 23-мартындагы № 10-1/80 "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын орточо бийиктик белгилерин аныктоо боюнча методикалык колдонмону бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 10-1/80
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045546>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1895/edition/52435/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045546.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 23-мартындагы № 10-1/80 "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын орточо бийиктик белгилерин аныктоо боюнча методикалык колдонмону бекитүү жөнүндө" буйругу (23.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045546

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖЕР РЕСУРСТАРЫ, КАДАСТР, ГЕОДЕЗИЯ ЖАНА КАРТОГРАФИЯ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИК БУЙРУК 2026-жылдын 23-марты № 10-1/80

Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын орточо бийиктик белгилерин аныктоо боюнча

методикалык колдонмону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө”, 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” токтомдоруна ылайык, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын орточо бийиктик белгилерин аныктоо боюнча методикалык колдонмо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары-Жер агенттиги) санариптик трансформация башкармалыгы ушул буйрук катталган күндөн тартып, аны үч жумушчу күндүн ичинде Жер агенттигинин расмий веб-сайтында, мамлекеттик жана расмий тилдерде расмий жарыяланышын камсыздасын.

3. Жер агенттигинин кадастр, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгы ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде көчүрмөсүн электрондук алып жүрүүчүдө, мамлекеттик жана расмий тилдерде, жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтсүн.

4. Бул буйрук кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Жер агенттигинин директорунун орун басары Т.Дж. Джеембаевге жүктөлсүн.

Директор

Э.Ж. Зарнаев
