# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 153 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 153 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045484>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-11101/edition/52372/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045484.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 153 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (28.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045484

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 28-апрели № 153

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Илим чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«– техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими менен жөнгө салынуучу илим чөйрөсүнүн кызматкерлерине бир ставкага 15 000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм;».

2. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
