# Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 30-январындагы № 20/4 "Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо жана ирээтке келтирүү тартиби жөнүндө Жоболорду бекитүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 30-январындагы № 20/4 "Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо жана ирээтке келтирүү тартиби жөнүндө Жоболорду бекитүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20/4
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045461>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54770/edition/52353/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 30-январындагы № 20/4 "Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо жана ирээтке келтирүү тартиби жөнүндө Жоболорду бекитүү жөнүндө" Токтому (30.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045461

---

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XX СЕССИЯСЫ

2026-жылдын 30-январы № 20/4 Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо жана ирээтке келтирүү тартиби жөнүндө Жоболорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” №502 токтомуна ылайык Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 28-январындагы №01-18/252 катынын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо жана ирээтке келтирүү тартиби жөнүндө сунушталган Жоболор бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” №502 токтому жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №67 токтомдору менен бекитилген Жоболорго ылайык Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө иш алып барууга макулдук берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

Төрага

Б. Шералиев
