# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-майындагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында жайгашкан жер тилкелерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-майындагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында жайгашкан жер тилкелерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 333
- Кабыл алынган күнү: 12.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045447>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54760/edition/52340/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045447.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-майындагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында жайгашкан жер тилкелерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (12.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045447

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 12-майы № 333 Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында жайгашкан жер тилкелерин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында жеке турак үйлөрдү куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 01-17/4952 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 13-октябрындагы № 01-18/10 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 16, 18, 102-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагынын Баетов айылынын түштүк бөлүгүндөгү № 412 (17,15 га жайыт), № 430 (9,90 га жайыт), № 431 (6,70 га жайыт), № 438 (28,20 га жайыт), № 439 (1,70 га жайыт), № 440 (2,70 га жайыт), № 442 (27,0 га жайыт), № 708 (29,20 га жайыт), № 1149 (20,0 га жайыт), Баетов айылынын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү № 709 (7,90 га жайыт), № 717 (28,80 га жайыт), № 782 (35,0 га жайыт) контурларда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 214,25 га болгон жер тилкелери жеке турак үйлөрдү куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун (трансформациялансын).

2. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

2) жогоруда аталган жер тилкелеринин шаар куруу документтерин курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

3) жогоруда аталган жер тилкелерин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;

4) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо боюнча колдонмону сактоону;

5) аймактын инфраструктурасынын, жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү жергиликтүү бюджеттин, жергиликтүү коомчулуктун жана жер тилкелеринин менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен уюштурууну;

6) аталган жер тилкелери пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баштапкы абалга келтирүү боюнча чараларды көрүүнү;

7) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелеринде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды күтүүнү жана коргоону, казууларды жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөлдөө үчүн Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык адис-археологду тартууну;

8) «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун бөлүнгөн кыймыл тилкесин техникалык тейлөөнү, ошондой эле электр тармактарын коргоо эрежелерине ылайык электр берүүнүн аба линияларынын коопсуздук зоналарын сактоону уюштурууну.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-майындагы № 36 (3796) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
