# Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда калдыктарды утилдештирүү боюнча таштанды өрттөөчү заводдорду куруу» долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 329-т тескемесине тиркеме)

- Толук аталышы: Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда калдыктарды утилдештирүү боюнча таштанды өрттөөчү заводдорду куруу» долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 329-т тескемесине тиркеме)
- Актынын түрү: Перечень
- Номери: 329-т
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045440>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/43-176/edition/52335/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045440.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда калдыктарды утилдештирүү боюнча таштанды өрттөөчү заводдорду куруу» долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 329-т тескемесине тиркеме) (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045440

---

Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 329-т тескемесине)

Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда калдыктарды утилдештирүү боюнча таштанды өрттөөчү заводдорду куруу» долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги

№

Уюмдун аталышы жана ИСНи

Улуттук инвестициялык долбоордун жана/же мамлекеттик маанидеги долбоордун аталышы

Бекитилген мамлекеттик органдын аталышы

Салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктердин түрлөрү

Салыктар боюнча алынган жеңилдиктердин алкагындагы улуттук инвестициялык долбоорлор жана мамлекеттик маанидеги долбоорлор боюнча уюмдун милдеттенмелери

1

«Цзюньcинь Хуаньбао (Ысык-Көл)» жоопкерчилиги чектелген коому, ИСНи 02209202510279

«Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда калдыктарды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү боюнча комплексти куруу» долбоору

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты

Долбоорду ишке ашыруу үчүн импорттолуучу технологиялык жабдууларды, алардын комплекттөөчү жана запастык бөлүктөрүн, чийки заттарды жана материалдарды импорттоого кошумча нарк салыгынан бошотуу

Долбоордун курулушун белгиленген мөөнөттө аяктоо
