# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 329-т (Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда калдыктарды утилдештирүү боюнча таштанды өрттөөчү заводдорду куруу» долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегин бекитүү) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 329-т (Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда калдыктарды утилдештирүү боюнча таштанды өрттөөчү заводдорду куруу» долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегин бекитүү) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 329-т
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045429>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19819/edition/52323/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045429.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 329-т (Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда калдыктарды утилдештирүү боюнча таштанды өрттөөчү заводдорду куруу» долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегин бекитүү) тескемеси (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045429

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 13-майы № 329-т

Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда калдыктарды утилдештирүү боюнча таштанды өрттөөчү заводдорду куруу» долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда калдыктарды утилдештирүү боюнча таштанды өрттөөчү заводдорду куруу» долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорду ишке ашыруу үчүн импорттолуучу технологиялык жабдууларды, алардын комплекттөөчү жана запастык бөлүктөрүн, чийки заттарды жана материалдарды импорттоого кошумча нарк салыгынан бошотууну берүү мөөнөтү аны ишке ашыруу мезгилине, бирок 5 жылдан ашык эмес колдонулат деп белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
