# 8-берене. Геодезиялык жана картографиялык ишти метрологиялык камсыздоо

- Документ: [Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 58 "Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5744/edition/52293/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230045410/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө, 8-берене (29.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-8

---

1. Ыйгарым укуктуу орган өз компетенциясынын чегинде геодезиялык өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарды аткаруу боюнча ишти жүзөгө ашырат.

2. Геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы метрологиялык камсыздоо геодезиялык өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуучу стандарттардын, эталондордун, өлчөө каражаттарынын, усулдардын тутумун камтыйт жана геодезиялык жана картографиялык иштин бардык субъекттери үчүн милдеттүү болуп саналат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230045410/st-9)
